Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сейит Жетимишев: “Аңдып жүрбөй алды жагын тизменин, Ата журтка жанды таштап иштедим...”

Сейит Жетимишев: “Аңдып жүрбөй алды жагын тизменин, Ата журтка жанды таштап иштедим...”

10-декабрь, 17:05
2 003 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Шоодураса жалбырагы дарактын,

Шок баладай аны тыңшап бараттым.

Алыстасам ажарланган дарактан,

Угулгансыйт шуулдагы канаттын.

Кандаш го деп канат менен жалбырак,

Кандайдыр бир окшош сүрөт жараттым.

Барбы, жокпу бул сүрөттүн кереги,

Элеп көрөр убакыттын элеги.

Убакыттын элегинен өтпөгөн,

Бүт ааламда эч нерсе жок себеби.

Убакытты азгыра албай койгондо,

Ибилистин ич күйдүсү келеби?...

- Келет го!...

05.10.2022-ж.

***


Не каалайын, каалабайын баары бир,

Эй, убакыт, сени менен жаным бир.

Сен агасың, мен да агамын токтобой,

Кээде шаттык, кээде болот боздомой.

Дагы айтайын, айтканымдын жөнүн бил,

Сени менен өлгөндө да сөөгүм бир.

Билесиң го тирүүлүктө сыноо бар,

Дал ошондой сага менде суроо бар.

Эй, убакыт, сен агасың каякка,

Сен бет алып кандай күйгөн маякка?..

Жооп күтөм!..

23.10.22-ж.

***


Сокчу бороон сага каршы басайын,

Басайын деп бүгүн чыктым атайын.

Азап турмуш алсыраткан денемди,

Сен чыйралтчу касиетти ачайын.

Сокчу бороон, карды учуруп сапырып,

Дарактарга айнек музду катырып.

Кайрат берет мага ошол дарактар.

Аны сенден эмне кылам жашырып.

- Сокчу бороон!..

17.10.2022-ж.

***


Н-га

Түшүмдө да сага турам жалынып,

Көргөн сайын көрбөгөндөй сагынып.

Көрбөй калсам, жалгызсырайм жетимдей,

Көрдөй-турмуш чарчаткандай талыгып.

Талыганда кете көрбө сыздатып,

Кышындагы кызыл таштай муздатып.

Кокус кетсек, түшүнбөстөн кол үзүп,

Кете көргүн түбөлүккө уктатып.

Унутаармын уктаганда түбөлүк,

Упаланып топо болуп үбөлүп.

Бирок сени ак жылдыз деп айныбас,

Асман-Теңир мага берген күбөлүк.

Күбөлүктү көөдөнүмө басамын,

Көз тиет деп көңүлүмө катамын.

Табышмактын табышмагы жан экен,

Жандырмагын таппай келе жатамын!..

18.07.2023-ж.

***


Чын эле жер шарына эл батпайбы,

Чын эле аба жылып, сел каптайбы.

Адамзат бир-бирине ок атышпай,

Адамча сүйлөшкөнгө сөз таппайбы.

Айыпсыз аккан канды жерге сиңип,

Адамзат бир көргөнгө көз таппайбы?..

Ушинтип сансыз суроо жаратасың,

Адамзат эмне болуп баратасың?..

Эй, адам, жасайсыңбы кырчу курал,

Адамдын окутам деп жаназасын?..

Табият ушуларды чеччи өзүң,

Сен гана анык калыс таразасың?..

- Табият, неге санаа санатасың?..

08.10.2022-ж.

***


Аңдып жүрбөй алды жагын тизменин,

Ата журтка жанды таштап иштедим.

Жалгыз сүйлөм сүйлөсөм да, жазсам да,

Жалгыз гана чындык сени издедим.

Ыраазымын чынды сүйгөн элиме,

Ыраазымын басып жүргөн жериме,

Азабына чыдап жазсам чындыктын,

Айт табият, бул күнөөбү эмине?..

- Айт табият!..

29.10.2022-ж.

***


Бир кызга

Жашоону, садагасы, түшүнүпсүң,

Жаркырак жакшы күнгө күтүнүпсүң.

Эшилип чындык менен чындык болуп,

Өмүрдүн бир этабын бүтүрүпсүң.

Кармашып калпыс менен жашоодогу,

Өзүңдү өрттүү жолго түшүрүпсүң.

Көзүңдөн учуп турса адил учкун,

Элесин бергенсийсиң алгыр куштун.

“Элим!” - деп сыздаганың күйгүзчүдөй,

Мен эмес, жүрөгүң да тоңгон муздун.

Жараткан бир жаратса кайра мени,

Атасы болгум келет сендей кыздын!..

29.10.2022-ж.

***


Кокустан акча басар басмам болсо,

Колумда сапырылган акчам болсо,

Ачкөздөр акча үчүн тишин кайрап,

Асканы кемирем деп жаткан болсо,

Көңүлдү ачкөздөргө бөлөр элем,

Тирүүлөй акча менен көмөр элем.

Көр-акча тумчуктуруп тым кыларда

Акчаны не кыларын көрөр элем.

08.11.2022-ж.

***


Таштак жолдо басканына карабай,

Бизди СССР бакты, өстүрдү баладай.

Биз да окудук жанды сабап тырышып,

Калбайлы деп катаал ишке жарабай.

Эл ишине мөл булактай ак болдук,

Текей терип тентип кетпей талаалай.

Кылымдардын кылымында СССР,

Адамзатка керек болор абадай.

10.11.2022-ж.

***


Ат жетпес алыстыктан көрүшкөндөй,

Сен элес учуп келдиң көгүчкөндөй.

Тиктешип бир секундга сүйкүм менен,

Биз болдук көз нур менен өбүшкөндөй.

Андан соң, чочугандай учуп кеттиң,

Менденби, башкаданбы нени сездиң.

Сен деле жашайсың го мейкиндикте,

Азабын мендей тартып куурал кездин!..

17.11.2022-ж.

***


Жашасын оптумизм,

Жайрасын жоктугизм.

Жүгүрсүн каныбызда,

Жүрөктүү оттукизм!..

16.05.2020-ж

***


Нөлдөй сүйлөйт нөл киши,

Көлдөй сүйлөйт көл киши.

Төрдөй сүйлөйт төр киши,

Көрдөй сүйлөйт көр киши.

Түшүнөт сөздүн жүйөсүн,

Түбүнө жеткен жөн киши!..

18.11.2022-ж.

***


Тигине, суу жээгинде бир гүл гүлдөйт,

Ал гүлгө чымчык конуп сайрап бийлейт.

Азапты баштарынан өткөрмөйүн,

Азаптын эмне экенин алар билбейт.

Гүл, чымчык атыңарды атагыла,

Ай, күнгө аяр таазим жасагыла.

Азабын көрөсүңөр карылыктын.

Азыртан аны ойлоп жашагыла.

09.05.2020-ж.

***


Жамгыр төксө жар жышылат жошолуп,

Суу жетпесе жер жарылат тозоруп.

Ойго батып сүйлөрүнө тили жок,

Мүрзө жатат бопбоз болуп бозоруп.

Ооба, мүрзө, сүйлөрүңө тилиң жок,

Ооба, мүрзө, сен ийменер пириң жок.

Зарымды айтсам, мерез жанга кор болгон,

Бир былк этип кулак салар түрүң жок!..

07.05.2020-ж.

***


Кагылам карааныңдан кыргыз-тегим,

Карааның касиет го мага сенин.

Жаш кезде кабар жазсам гезиттерге,

Кабарды кайрап турчу сенин демиң.

Жараткан жасайт окшойт азап кошуп,

Актыкка баш байлаган эрдин, эрин.

Жериме үч тал чырпык сайган элем,

Бак-шакка айланса деп өскөн жерим.

Мен сайган ошол чырпык билер бекен,

Өмүрдүн алыс эмес, кыска чегин.

Көмөрдө көргө өлгөндү топо салган,

О, Кудай, аман болсун тууган элим!..


27.04.2020-ж.  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер