Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Болот Темиров: “Адамдардын аң-сезимин өзгөртүү менен троллдордон арыла алабыз”

Болот Темиров: “Адамдардын аң-сезимин өзгөртүү менен троллдордон арыла алабыз”

27-ноябрь, 11:47
1 540 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандагы “троллдор фабрикасы” тууралуу изилдөөчүКамила Ешалиева(Эшалиева) өз макаласын жарыялады. Айрымдар үчүн кадимки ишке, бизнеске айланган троллдор, албетте, коомго терс таасири тийбей койгон жок. Биз бул боюнча  Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировго кайрылдык.

-- “Троллдор фабрикасы” тууралуу макала жарык көрүп, кызуу талкууга айланды. Биздеги троллдор тууралуу пикир бөлүшсөңүз?

-- Бизде троллдор азыркы учурда аябай көбөйдү. Бул мезгилде ар бир саясатчы аларды колдонот. Негизи “тролль” деген бул жалаң гана фейк аккаунттар эмес. Троллдор маалыматты бурмалап, адамды ынандырып коюшат. Жеке адамга асылып, бурмалап манипуляция кылышат. Негизи буларды ачыкка чыгарыш кыйын. Буларга акча төлөгөнүн же кызыкчылык бар экенин далилдеген оңой эмес. “Троллдордун баары фейк аккаунт аркылуу гана иштешет” дегендер жаңылышат. Алар кадимки адамдар, өз кызыкчылыгы үчүн да маалыматты бурмалап, адамдардын аброюна шек келтирип, атайын иш алып барышып, талкууга катышып турушат.

-- Биздин өлкөдө кандай деңгээлде? Акыркы убакта күч алганы да байкалып жатат...

-- Мисалы, Садыр Жапаровдун колдоочулары тууралуу айтсак, чын колдоочулары жана акчага иштегендери да бар. Муну “Кактус медиа” ж.б. далилдеген. Мурдагы бийликке иштеген троллдор азыр Садыр Жапаровго иштеп жатышат. Анын да далилдери бар. Негизи бул коркунучтуу. Пикирди жалпы элдин атынан сүйлөп, адамдар башка пикирде жүрсө да троллдор фейк аккаунттар аркылуу бурмалап, башка пикир жаратышат. Маанайды буруп кетишет. 

-- Бизде чара көрүүгө мүмкүнчүлүк барбы?

-- Мыйзамдар деле бар. Бирок бурмалап жатабы, калп айтып жатабы – баарын талдап, талкуулап чыга турган атайын адистер керек. Экинчиден, алардын кызыкчылыгын укук коргоо органдары далилдей албайт. Акча алып жатканда эле колунан кармабаса, далилдөө оор. Андан сырткары, эң негизги маселе – адамдардын аң-сезимин өзгөртүү. Туура маалыматты түшүндүрүп, калп менен чынды айырмалоону үйрөтсөк, троллдордун таасири деле тийбей калат. Себеби, азыркы учурда жалган маалыматка – манипуляцияга алданып калып жатышат. Биздин коомубуз бул кризисти жеңип чыгышы керек, жалган маалымат менен калайыктын пикирин бурмалап башкаруу далалаттарына каршы өз иммунитетин иштеп чыгышы зарыл.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер