Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирустан каза тапкандардын антирекорду катталды

Коронавирустан каза тапкандардын антирекорду катталды

12-май, 18:18
805 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Индияда акыркы сутка ичинде 348 миң 421 адам коронавируска чалдыгып, 4205 бейтап илдеттен көз жумду. Муну менен Индия мамлекети суткалык каза табуулардын саны боюнча антирекорд жаратып, дүйнөдө биринчи орунга чыкты.

Бул өлкөдө COVID-19дан каза тапкандардын эң жогорку көрсөткүчү буга чейин ушул жылдын 8-майында катталган. Анда 4187 адам каза тапкан. Айрым басылмалар жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Индияда каза тапкандар расмий көрсөткүчтөн да алда канча жогору болушу мүмкүндүгүн билдиришүүдө.

Жалпы вирус жуккандардын саны боюнча Индия экинчи орунда турса, жалпы каза табуулардын саны боюнча үчүнчү орунга чыкты. Өлкөдө пандемия башталгандан бери 23 млн. 340 миң 938 адам коронавируска чалдыгып, 254 миң 197 адам каза тапты.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер