МЕНТтер арасында Ош ОИИБ башчылыгы талашка түшкөнү айтылууда
Ансыз да ишенимди актай албай келген Ош ОИИБ начальниги Нурланбек Бурканов жүрөгүнө операция болуп, көптөн бери жумушка чыкпай жатканы маалым. Иштей албай жүргөнү аз келгенсип, эми саламаттыгы да ойдогудай эмес. “Бул жак туура келбейт экен, мага Баткенди бергиле...” дегени кандай? Кызмат оюнчук беле? Агасы Арзыбек Буркановдун аркасы менен билгенин кыла береби? Сазга батырып бүтүрүштү эй...
Сөзүбүз куру болбос үчүн айрым фактыларга токтололу. Жакында Алай РИИБнин кызматкери пара менен кармалган, Ош ОИИБдеги опер да кылтакка илинерде качып кеткен. Азыр издөөдө. Араван РИИБ начальниги Мирлан Ниязалиев кызматын таштап баса берген. Ток этери, жалпы атмосфера жакшы эмес. Кризистик абалда.
Ош ОИИБ орун басары Нургазы Увалиев чеккендин айынан “Дүңкүшбай” атка конуп, “өрдөк жокто чулдук бий” дегендей, азыр ушунусу баш көтөрүүдө. Ашмалтайы чыгып бараткан системаны Азамат Ногойбаев алдыртан байкап, Нурланбек Буркановдун ордуна чуркаганы угулду. Бишкек ШИИБде иштей албай койгон бу эргул Ошту жарытабы? Ансыз да Ногойбаев ГУУРдун түштүк аймагы боюнча орун басары, бирок жөн эле курсагын сылап чайканаларда жүргөнү айтылат. “Кычкыл сууга” жакын жаны “Дүңкүшбайга” кошулса, “окшошконго мушташкандай” эле кырдаал түзүлүп, “кайфожорлордун” заманы башталабы?
Дагы бир кызыгы, Ош ОИИБге “Хасбик” каймана атындагы Азамат Токтоналиев барып калышы мүмкүнбү? Бишкек ШИИБни башкара албай, милициянын аброюн түшүргөн буга да нааразычылыктар арбын. Ортозаар кадрлардан арылып, качан профессионалдарды көтөрүүгө жетишебиз? Убакыт келди да.
"Азия Ньюс" гезити