Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кубанычбек Исабеков: “Кумтөр боюнча биз бийликке жардам берип, талап да кылалы”

Кубанычбек Исабеков: “Кумтөр боюнча биз бийликке жардам берип, талап да кылалы”

05-апрель, 16:19
741 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

30-март күнү белгилүү коомдук ишмер Кубанычбек Исабеков “Кумтөр” – акталбаган үмүттөр” аттуу китебинин бетачарын кылды. Ачылыш аземге катышып, автордон китептин жаралуу, андагы камтылган негизги маселелер тууралуу чакан аңгеме-дүкөн кылдык.

-- Кубанычбек мырза, китепти эмнеден улам жаздыңыз?

-- Баягы эле көп жылдардан бери айтып, какшап келаткан Кумтөр кени, андагы кыргыз элине кылган кыянатчылык маселеси мени жөн эле жомок китеп эмес фундаменталдуу, документалдуу, терең изилдөөлөрдү камтыган китеп жазууга аргасыз кылды. 16 жылдан бери материалдарды изилдеп келем. Эл-журт өзүлөрүнүн “баатырларын” билиши керек. Бул жерде коррупция аябагандай чоң болгон. Бүгүнкү күндө да уланып атат. Чындап келсе кыргыздын 66 жараны өлдү. 129 жаран 1-2-топтогу майып болушту. Артыбызда келаткан урпактар бизди кечирбейт. Мамлекеттик кызыкчылыкты биринчи орунга коюп, популисттиктен кеткен оң. Азыр бүткүл дүйнө жүзүндө жайгашкан “Центерра Голд” компаниясын Кумтөр багып атат. Биздин экологиябыз сакталып калышы керек. Жарандарыбыздын ден соолугу алтындан да кымбат турат. Ар бир атуул мамлекеттин өнүгүшүнө өз үлүшүбүздү кошуубуз абзел. А Кумтөрдүн оорусун мындан ары таратпай, жол бербөө кажет. Буга чейин Кумтөрдүн жанынан 16 миң 330 гектар жерди берип коюшту. Ушул боюнча билип калып сотко бергем. А мурдагы жылы Абылгазиев эч кандай тендери жок эле 26 миң 630 гектар жерди буларга бекитип койду. 

-- Азыр Кумтөрдө канча алтын калды?

-- 1987-жылы СССР тушунда Кумтөрдү изилдеп, “716 тонна алтын бар” деп бүтүм чыгарган. А жерден азыр 410 тоннадай гана алтын алынды. Учурда 300 тоннадай алтын бар. 

-- Азыр үмүт кылсак болобу?

-- “Үмүтсүз шайтан” дейт. Анын сыңарындай, үмүтсүз жашоо болбойт. Бирок, биз бийликке жардам кылалы, анан бийликтен да талап кылалы. Мамлекеттик байлык элге иштегени оң. Башмыйзамда жазылып турат, “жер байлыгы мамлекетке таандык” деп. А мамлекет элден турат.

-- Китеп канча жылдык эмгек?

-- Өмүрүмдүн дээрлик 16 жылы Кумтөр алтын кенинин ишмердүүлүгүн иликтөөгө арналып, аны ийне-жибине чейин изилдеп, чындыктын бетин ачууга аракет кылып келем. Кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы келген келишимдерди, Башмыйзамга туура келбеген жагдайын далилдеп, канадалык компанияны, кыргыз өкмөтүн баш кылып, жалпы жонунан 45 жолу соттоштум.

-- Өлкөбүздүн байлыгына кол салып, жеке кызыкчылыгы үчүн экономикабыздын, экологиябыздын кендирине балта чаап, чет элдик ишкерлерге сатылып, эбегейсиз байыган эргулдарды кыргыз эли билиш керекпи? Бул боюнча китебиңизде маалымат барбы?

-- Китепке кирген фактыларга терең анализ жасап, кээ бир чиновниктердин өз элинин келечегине кыянатчыл аракеттерин кеңири баяндап берүүнү туура көрдүм. Себеби, топтолгон айрым маалыматтар легендарлуу парламенттин трибунасынан сүйлөгөн сөздөр, ЖМКга чыккан макалаларды окуп, өзүмдүн көз карашымды билдирүүнү парзым катары эсептеп, “Кумтөр” – акталбаган үмүттөр” аталышында китебимди баардык окурмандарга сунуш этип отурам.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер