Илимдин ордосу сакталып калабы? Академиктер шыбырашып калышты...


Улуттук илимдер академиясы Улуу Ата мекендик согуш мезгилинде ачылып, ошондон бери дүйнөгө белгилүү үч чоң ачылыш ушул илим очогунда жасалган, гүлдөп турган мезгилинде өнөр жайдын, айыл чарбасынын өнүгүүсүнө салым кошкон табылгалар, жаңылыктар көп эле болгон. Бирок эгемендүүлүктүн жылдарында каржы аз болуп, академия кыйын абалда калганы чындык. Ушундай чакта академиктер да илимди бизнеске айландырып, атын, фамилиясын туура жаза албаган илимдин кандидаттарын, докторлорун чыгарышкан. Азыркы министрлер кабинетинин курамында андай “самопал” кандидат, докторлордон беш-алтоо жүрөт. Алар сатып алган илимий даражаларына чиренгени менен чыныгы илим академияда гана жасаларын түшүнүшпөйт. Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын институттарын профили туура келген университеттерге берүү жөнүндө министрлер кабинетинин долбоору сунушталып, “оозуңду бас” дегенден үрпөңдөп корккон академиктер кабинеттерин жаап алып, бул долбоорду шыбырашып талкуулашып, министрлер кабинетине өздөрүнүн сунуштарын беришиптир. Бирок, өкмөт тараптан илимпоздордун сунуштары эске алынбай, өзүнчө варианттар сунушталып, илимдер академиясынын институттарын коррупциядан башы арылбаган (И.Раззаков атындагы КТУ, ОшМУ, Талас университети ачык мисал эмеспи), чыр-чатагы көп, илим менен деле иши жок чаласабат, илим кандидаты, доктору дипломдорун сатып алышкан окутуучулар иштеген университеттерге бергени жатыптыр.
КР УИА мамлекеттин символдорунун бири экенин эске алып, президент Садыр Жапаров Конституциянын гаранты катары 2021-жылы кабыл алынган Конституциянын 22-беренеси одоно бузулуп жатканын көрүп туруп кайдыгер карабай, илимге карата мамлекеттик принципти тутунуп, улуттук илимдер академиясынын сакталып калышына кам көрүшү кажет. Ал эми өкмөттөгүлөр өз көмөчтөрүнө күл тарткандай... Кой оозунан чөп албаган, өлкөнүн технологиялык, экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүсүнө өз салымдарын кошуп, фундаменталдык жана колдонмо илим багыттарында бөлүнгөн акча каражаттын аздыгына карабай изилдөөлөрдү жүргүзүп жаткан, илимден башканы ойлобогон академиктерди каалагандай калчоо, минип алуу Кудайга деле жакпай турган иш го? “Ак чачтуулар” корккондорунан шыбырашып отурушат...
"Азия Ньюс" гезити











