Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бактыбек Чойбеков, ЖК депутаты: “Айтылбай калган көйгөйлөр курултайда көтөрүлөт”

Бактыбек Чойбеков, ЖК депутаты: “Айтылбай калган көйгөйлөр курултайда көтөрүлөт”

18-декабрь, 09:00
516 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бактыбек Каныбекович, эртең курултай башталат эмеспи. Депутат катары сиздин бул институтка көз карашыңыз кандай?

-- “Бул дагы өзүнчө платформа болобу, жумурай журтка пайдасы тийеби?” деген ниетте биз долбоорду колдоп бердик, мыйзам өттү. Бул жакшы нерсе.

-- Алар көтөргөн маселелерди Жогорку Кеңеш деле көтөрүп жатпайбы, же алар элге дагы да жакыныраак болобу?

-- Жакыныраак да. Өзөктөгү көйгөйдү түбүнөн чечпесе болбойт экен. Балким, баардыгын айтканга биздин мүмкүнчүлүгүбүз болбой калат. Бир мандаттуу округдардан шайланып келгендер өзүбүздүн округубузду жакшы билебиз, бирок биздеги депутаттардын теңи партиядан келген. Кээ бир калып калган жерлердеги көйгөйлөрдү айтканга курултайдын мүмкүнчүлүгү, шарты жакшы болот. Жалпы республикада камтылбай калган көйгөйлөрдүн көтөрүлөрүн ойлоп турам. Анан да "Карынын сөзүн капка сал" дейт го...

-Ошондо парламент менен курултай атаандаш эмес, бири-бирин толуктаган орган болобу?

-Толуктаганда... Алар деле элдин көйгөйүн айтат, бирок мыйзам чыгарууга укуктары жок. Элдин көйгөйүн айтып, аны ажобуз угуп, аларга көңүл бурулушу керек да. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер