Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйшөнбек Камчыбеков: “Тоо-кен тармагы мамлекеттен каражат албайт, бирок экономикага чоң салым кошууда”

Дүйшөнбек Камчыбеков: “Тоо-кен тармагы мамлекеттен каражат албайт, бирок экономикага чоң салым кошууда”

14-декабрь, 20:50
1 100 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тоо-кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы, техника илимдеринин доктору менен маек.

-- Жалпы өндүрүштө тоо-кен тармагы экономикабыздын локомотиви болуп эсептелип келет. Мындай мүмкүнчүлүктү кандай деңгээлде колдонуп жатабыз? Жаңы багыттар каралуудабы? Бул тармакты кантип жакшыртуу керек? Ушул сыяктуу көйгөйлөр боюнча тынымсыз ой бөлүшүп, сын пикир, сунуштарыңызды айтып келесиз. Бүгүн дагы пикирлериңизге ортоктош болсок...

-- Биздин бирикмеде алды алтымыш жыл, арты кырк жылдай кызмат кылган адистер иштеп келебиз. Максатыбыз, тилегибиз – болгон тажрыйбабызды бөлүшүп, колдон келишинче тоо-кен тармагына жардам гана берүү. Муну сын пикир катары эмес, тажрыйбалуу адистердин кеңеши катары кабыл алышса деген ойдобуз.

Биринчиден, кыргыз эли аймагыбызда кендин ар кандай түрлөрү жайгашып калганына сүйүнсөк болот. Азыркы учурда алтын тармагына берилген лицензиялардын саны 300дөн ашык болсо, нефтиге берилген лицензиянын саны 50дөн өттү. Көмүргө берилген лицензиялардын саны 400дөн ашык, ал эми түрдүү ичүүчү дары сууларга берилген лицензиялардын саны 500дөн жогору. Бизде алтын кендеринен тышкары, алюминий, кокс, көмүр, темир ж.б. сейрек кездешүүчү кендерибиз да бар. Акыркы учурда “уранды иштетсек” деген пикирлер жаралып жатат. Бул өзүнчө сөз. 

Учурда айыл чарба, энергетика тармактарына мамлекет тарабынан миллиарддаган каражаттар инвестиция катары берилет. Ал эми тоо-кен тармагы мамлекеттен андай каражат албайт, бирок экономикага чоң салым кошууда. Былтыркы жылдын эсеби менен тоо-кен тармагынан түшкөн киреше 34 миллиардды түзсө, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өз отчетунда быйылкы жылы 36 миллиард түшөрүн белгилеп айтты. 4-5 жыл мурунку 18 миллиарддан бүгүн 36 миллиардга чейин жетти. Демек, тоо-кен тармагынын өз орду бар. Анын ичинде алтын кенинин да орду чоң. Ошондуктан сейрек кездешүүчү металлдарды, темир, көмүр кендерин иштетсек, экономикабыз үчүн чоң салым болот.

-- Ушул жылдын 10 ай аралыгында Кумтөр 10 миллиард каражат төккөн. Таза кирешеси 274 миллион долларга жетиптир. Бул маалымат массалык маалымат каржаттарында тынбай айтылууда. Мындай кубанычыбыз дагы канча жылдарга созулат?

-- Биринчиден, Кумтөр кенинде долбоор алгач башталып, “Камэко” жаңы иштетээрде союз учурундагы изилденген маалымат боюнча 716 тонна алтын бар экени айтылган. “Центерра” иштетип, жалпы 400 тоннадай алтын казылып алынып, андан түшкөн каражат 14 миллиард долларга жакын болсо, ошонун 30-35%ы эле чыгымдар, айлык маяна, социалдык төлөмдөргө коротулган. Ал эми кен өзүбүзгө өткөндөн бери жалпы 2024-жылдын 1-октябрына чейин 72 тонна алтын казылып алынды. Ошондон Кумтөрдүн жетекчиси Алмазбек Барктабасов мырзанын айтканына караганда, 1 миллиард 174 миллион доллар таза киреше түштү десек болот. Демек, канча алтын өндүрүлбөсүн, Кыргызстанда калууда. 

2021-жылы тышкы башкаруу киргизилгенде 20-блокто жарака кетип, коркунуч жаралган. Ал блок иштетилбей токтоп калса, биз алтын өндүрө албай калсак, кыргыз эли дүйнөлүк коомчулуктун алдында кандай шартта калат эле? Буга чейин 93-97% кыргыздар иштеп келген. Ошол адистер бүгүнкү күндө ийгиликтүү кызмат кылышууда. Пайда болгон жараканы дагы убагында туура чечим кабыл алып, калыбына келтирип, иш уланып, план ийгиликтүү аткарылганын баса белгилеп айтып келдик. 

Кумтөрдүн жетекчиси Алмаз мырза быйылкы жылдын 1-октябрына карата 9,5 тонна алтын өндүрүлгөнүн белгилеп айтты. Пландын аткарылышын жылдын аягына чейин күтүп туралы. Биздин эсептөөлөргө карата чыгымдардан тышкары 2028-29-жылдарга чейин ачык жол менен иштетүүгө алтын кору жетиштүү. Кошумча дагы чалгындоо иштерин жүргүзүү зарыл. Дагы төрт жыл көз ачып-жумгуча эле өтүп кетет. Жүк ташуучу унааларды айдаган, дагы башка кесиптерди аркалаган көптөгөн адистер бар. Алар жумушу, орду жок калбаш үчүн алдын алып, ишти жүргүзө берүү зарыл. Ошону менен бирге жер астында дагы 115 тоннадай алтындын кору сакталуу. “Тоголок” алтын кенине да лицензия берилген. Ал жерде 19 тоннадай алтындын кору союз учурунда эле изилденип, ГЗКнын балансына коюлган. Геологдор “Тоголоктун” жанындагы “Жаңгарт” кенине да чалгындоо иштерин жүргүзгөнү турушат. Ал жерден алтын табылып калса, бул дагы келечекте Кумтөр долбоорунун жашоосун өзгөртөт. 

-- Кумтөрдөгү калдык сактоочу жайлардан дагы алтын өндүрүлөбү?..

-- Ал жерде экономикабыз үчүн, албетте, мүмкүнчүлүктөр бар. Кайсы жерде иш болсо, ошол жерде сөзсүз түрдө илим-билимди пайдалануу керек. Калдык сактоочу жайда бүгүнкү күндө 118 тонна алтын сакталып турат. Бул боюнча учурунда канадалыктар да жакшы иш аракеттерди жүргүзүшкөн. Бир эмес эки жолу тендер уюштурулуп, калдыктарды иштетүү үчүн иш-аракеттер жүрүп жатат. Эң татаалы: алтын менен цианид өндүрүлгөн рудадан кайра алтын өндүрүү өтө оор. Ар кандай варианттарды карап, мисалы, ал жердеги бактериялар менен иштетип көрүү да айтылган. Экономикага канчалык таасир берет? Себеби, ал жерде энергияны көп талап кылган жабдыктарды колдонуу зарыл. Бул негизи токтоп калбай турган иш. Балким, жакынкы жылдары ыңгайлуу технологиясы табылып, иш жүрүп калышы да ыктымал. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер