Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жеңиш Бексултанов: «Биздин университеттин диплому менен чет өлкөдөн билим улантууга мүмкүнчүлүк бар»

Жеңиш Бексултанов: «Биздин университеттин диплому менен чет өлкөдөн билим улантууга мүмкүнчүлүк бар»

18-февраль, 19:00
1 361 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

И.Арабаев атындагы КМУнун окуу иштери боюнча проректору менен маек.

КМУ – өнүгүү жолундагы окуу жай

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети өзүңүздөр билгендей, жетимиш жылдан ашуун тарыхы бар, миңдеген жогорку билимдүү адистерди даярдап, мамлекеттин ар тараптан өнүгүшүнө өз салымын кошуп келе жатат. XXI кылымдын башкы жылдарында Кыргызстандын жогорку окуу жайлары башынан өткөргөн кыйынчылыкты биздин университет дагы көрдү, мамлекет алдындагы милдетти мыктылап аткаруу үчүн окутуучулардын сапаттуу курамын, студенттердин билимдүү бөлүгүн кармап калуу, билим берүү программаларынын жогорку сапатын сунуштоо, социалдык маанайдагы натыйжалуу иштерди жүргүзүү жана бекем материалдык-техникалык базаны камсыз кылуу керек болду.

Учурунда университетте билим алган студенттердин саны 15 миңге жетип турса, кийинки жылдары тогуз миңге чейин азайып, акыркы жылдары гана кайрадан көтөрүлүп, он миңден ашты. Мындай шартта университеттин негизги киреше булагы болгон студенттердин окуу акысынан түшкөн каражаттардын атайын эсебинин көлөмү дагы азайып, материалдык-техникалык базаны чыңдоого, профессордук-окутуучулук курамды тийиштүү эмгек акы менен кармап турууга бир топ залакасын тийгизди. Мындай кырдаалдан чыгуу үчүн биз ириде атайын эсептин киреше булактарын жана чыгаша статьяларын диверсификациялоого багыт алдык.

Негизинен 2010-жылдан баштап окуу акылары көбөйтүлдү. Албетте, акыркы жылдары Кыргызстандын билим берүү рыногундагы курч атаандаштыктын шартында мындай тобокелдикке баруу оңой болгон жок. Себеби, студенттер демпингдик окуу төлөмдөрү менен кабыл алып жаткан башка ЖОЖдорго кетип калышы мүмкүн болчу. Айрымдары кетип дагы калышты. Бирок университеттин жетекчилиги мындай кадамга барууда мыкты жана кесипкөй окутуучу-профессорлордун беделине, окуу жайдын коомчулуктагы статусуна жана анын бекем материалдык-техникалык базасына таянды.

Экинчиден, магистратура, аспирантура жана докторантуранын илимий, билим берүүчүлүк гана эмес экономикалык-эффективдүүлүк потенциалын дагы көтөрүүгө бардык. Натыйжада, университет контракттык негизде кабыл алынган докторанттар жана аспиранттардын саны жана акы төлөмдөрүнүн көлөмү боюнча Кыргызстандын ЖОЖдорунун алдыңкы катарына көтөрүлдү. Учурда Кудайга шүгүр, КМУнун жалпы кирешеси жыл сайын өсүүдө. 

2011-2021-жылдары КМУда материалдык-техникалык базанын көлөмү кыйла өсүп, компьютердик парктардагы жабдуулар толугу менен жаңыланды. Кээ бир структуралык бөлүмдөрдө лабораториялык жана практикалык сабактар үчүн кымбат баалуу атайын жабдуулар сатып алынды. 2011-2019-жылдары 80434,8 миң сомго оргтехника жана эмерек, ошондой эле 10143,4 миң сомго китептер жана окуу куралдары сатылып алынды. Баардык имараттар жаңы муундагы компьютердик класстар, ачык интернетке кирүүчү wi-fi роутерлер, видеобайкоо камералары менен жабдылган, жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин университеттери менен онлайн лекцияларды өткөрүү үчүн заманбап технологиялар менен камсыздалган үч конференц-зал бар. Ошондой эле ZOOM технологиясын колдонуу менен кандидаттык жана докторлук иштерди коргоону онлайн көрсөтүү жана жаздыруу жүргүзүлөт. Университеттин баардык институттары жана факультеттери жаңы муундун компьютердик лабораториялары менен жабдылган, алардын карамагында 1000ге жакын компьютер бар.


Инвестиция – өнүгүүгө өбөлгө 

2010-2021-жылдары чет элдик инвестицияларды жана демөөрчүлөрдү тартуу боюнча бир топ иштер аткарылды. Жабдуулар, китептер, капиталдык ремонттор, эмгек акы, стипендия, семинар, тренингдерди өткөрүү үчүн 59 млн. 724,8 миң сом инвестиция тартылды. Мурда анча маани берилбей келе жаткан киреше булактарынын бири болгон кошумча кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн “Башка кирешелер” (“прочие доходы”) статьясын активдүү мобилизациялоо дагы университеттин капчыгын толтурууга жакшы жардам берди. Университеттин атайын эсебинен бул киреше булагы боюнча чогулткан каражаты 2010-жылдан 2019-жылга чейин 10 млн. 200 миң сомдон 25 млн. 100 миң сомго жетти. Азыр дагы бул сумма өсүп жатат.


Аракет кылсаң – берекет

Албетте, университеттин финансы-экономикалык ишмердүүлүгүн жакшыртууда жогорудагы жана башка иш-аракеттер менен кошо окуу жайдын башка тийешелүү кызматтарынын иш алып баруусун дагы кескин өзгөртүүгө туура келди. Эң негизгиси, бул чөйрөдөгү иш алып баруу жана жоопкерчилик зоналары так бөлүштүрүлүп, иштер тыкыр аткарылып турду. Тийешелүү проректордон баштап, декан, кафедра башчыларына чейин финансылык тартип жана финансылык жоопкерчилик маселеси катуу коюлду. Университеттин ар бир институт, факультети ар бир окуу жылына карата окуу акысын бекитип, киреше жана чыгаша сметаларын түзүп, өздөрү эмгек акы фондун (ФЗП), өнүгүүгө каралган каражатын, иш сапары менен стажировкага каралган төлөмдөрүн белгилеп, бекитип, ошону аткарып берүүгө өттү. Ошол эле учурда алар сметанын киреше бөлүгүн аткарууну өз моюндарына алышты.

Натыйжада ар бир институт, факультет өз алдынча финансы-экономикалык саясат жүргүзүп, өзүнчө субсчет менен иштешти. Ар бир институт, факультеттин түзгөн бир жылдык сметасындагы киреше көлөмү, чыгаша статьялар ар башкача болду. Ушуга байланыштуу университеттеги ар бир окутуучу, ар бир кафедра жана ар бир институт, факультет бөлүштүрүлгөн сметасына, андагы тапкан кирешесине, каралган чыгаша статьяларына, аткарган жумушуна, жүргүзгөн илимий изилдөөлөрүнө, аралашкан коомдук иштерине жараша ар кандай өлчөмдөгү эмгек акы, акчалай сыйлык алып келет.

Айтор, жогоруда белгилеп кеткен жана башка иш-аракеттердин натыйжасында университеттин каржы-экономикалык абалы оңолуп, рентабелдүүлүк коэффициенти жогорулады. Мунун негизинде акы төлөп окуган студенттердин саны кыйла азайганына карабастан, университеттин атайын эсеп боюнча кирешеси 2010-жылы 158,9 млн. сомду түзсө, 2020-жылы 407,7 млн. сомго чейин өсүп жетти. Эң негизгиси, келечекте бул көрсөткүчтү мындан дагы арбытуу үчүн зарыл болгон жакшы шарттар менен өбөлгөлөр түзүлүп, чоң мүмкүнчүлүктөр белгиленип калды.

Университеттин каржы-экономикалык абалынын өнүгүүсү түздөн-түз окуу жайындагы окуу, тарбия жана илимий иштеринин жакшыруусуна, социалдык маселелердин жакшы чечилишине таасирин тийгизди. Эң оболу университеттин сапаттуу профессордук-окутуучулук курамын сактап калуу максатында алардын эмгек акысын жыл сайын көбөйтүп келдик. Эгер 2009-2010-окуу жылында алардын орточо эмгек акысы 5099 сомду түзсө, 2020-2021-окуу жылында 22395 сомго жетти. Илимдин доктору, профессорлордун эң жогорку эмгек акысы 33000 сомго чейин барат.

Мындан сырткары, окуу жайдагы илимдин кандидаттарына үч миң сом кошумча акы төлөнсө, азыр илимдин докторлоруна алты миң сом төлөнүүдө. Мурда кандидаттык диссертациясын коргогондорго стимул катары 30 миң сом, докторлук ишин коргогондорго 50 миң сом төлөнүп келсе, азыркы учурда кандидаттыгын коргогондорго 50 миң сом, докторлугун коргогонго 70 миң сом бир жолку стимулдаштыруу стипендиясы берилет. Учурда кандидаттык жана докторлук диссертацияларын коргошкон университеттин кызматкерлеринин илимий жетекчилерине дагы бир жолку стипендия берүү иши каралууда. Ушундай иш-аракеттердин арты менен университеттин профессордук-окутуучулук курамынын сапаты жогорулап, 2010-2011-окуу жылына караганда болжол менен эки эсе өстү.

Университеттин профессордук-окутуучулук жамаатынын квалификациясын, тажрыйбасын жана илимий потенциалын өнүктүрүү үчүн чет өлкөлөргө чыгышына атайын эсептен 2012-жылы 152, 4 миң сом бөлүнсө, 2021-жылы бул үч эсеге көбөйгөн. Университетте учурда жалпы813 окутуучу, эки Илимдер академиясынын академиги, үч Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, жалпы 61 илимдин доктору, 237 илимдин кандидаты эмгектенет.


Сырткы байланыш

2011-жылы Италияда университеттердин «Улуу хартия» макулдашуусуна кол койгонбуз. Бул макулдашуунуннегизинде биздин диплом менен чет өлкөдөн билимин улантууга мүмкүнчүлүк бар. Университеттин дүйнөнүн 50дөн ашуун алдыңкы ЖОЖдору менен эки тараптуу келишимдерибиз жолго салынган. Учурда кызматташтыктын алкагында Россияда, Кытайда, Японияда, Германияда, Францияда, Иранда, Түштүк Кореяда, Түркияда, Египетте студенттерибиз академиялык мобилдүүлүк боюнча окуп жатышат. Университет ШКУ (ШОС) университетининпедагогика багыты боюнча да мүчөсү.

2011-жылы Казакстанда «Евразия мейкиндигиндеги жогорку окуу жайлардын меморандумуна» Тараз декларациясына кол коюлду. Меморандумдун негизги идеясы – бүткүл окуу жайларды бириктирүү, академиялык эркиндик, мобилдүүлүк, билим берүүнүн жана изилдөөнүн биримдигинин принциптерин иш жүзүнө ашыруу, эл аралык билим берүү мейкиндигине интеграциялоо жана жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатуу. Учурда бул меморандумга Казакстандын, Тажикстандын, Кыргызстандын жана Азербайжандын 72 жогорку окуу жайы кол койду.

2016-жылдын сентябрында Борбор Азия университеттеринин ассоциациясына, декабрь айында педагогикалык университеттердин Евразиялык ассоциациясына (ЕАПУ) киргенбиз. КМШга мүчө мамлекеттердин педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча базалык уюмунун коомдук кеңешинин мүчөсүбүз. Азия университеттеринин ассоциациясына кошулганбыз. Кыргызстанда гана эмес Борбор Азия боюнча биринчи болуп ProSPERN.Net – Азия–Тынч океан аймагындагы алдыңкы университеттердин альянсына мүчө болуп киргенбиз.

Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр (Россия, Казакстан, Беларусь, Өзбекстан, Тажикстан, АКШ, Түштүк Корея, Кытай, Иран жана Япония) менен университеттер аралык кызматташуу боюнча 100дөн ашык келишимдер бар. Көптөгөн окутуучулар жана студенттер чет өлкөлөрдө стажировкадан өтүштү, эл аралык конференцияларга ийгиликтүү катышышты. Студенттер арасында да, университеттин профессордук-окутуучулук курамында да академиялык мобилдүүлүктүн активдүү иштеп жатканын баса белгилей кетүү керек. Биздин окуу жай чет өлкөдөн келип окуган студенттердин саны боюнча мамлекеттик жогорку окуу жайлардын ичинде алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Бүгүнкү күндө университетте тогуз жүзгө жакын чет өлкөлүк студент билим алат.


Илим изилдөө иштери боюнча 

Университетте окуу процессинен сырткарыилим изилдөө иштерине да тийиштүү деңгээлде көңүл бөлүүгө аракет кылынат. Учурда жаңы техника менен жабдылган жыйырмадан ашык лаборатория, глобалдык интернетке туташтырылган компьютер, мультимедиялык класстар иштейт. Бүгүнкү күндө КМУда жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдүн чөйрөсү кеңири. КМУ Кыргыз Республикасындагы педагогикалык илимди жана билим берүүнү өнүктүрүүдө алдыңкылардын бири болуп саналат. Бул жерде көптөгөн белгилүү окуу китептеринин жана илимий иштеп чыгуулардын авторлору иштеген жана иштеп жатышат. 2018-жылдын аягында КМУнун авторлор тобуна Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылды. Университеттин тарыхында окуу жайдын жамаатынан биринчи жолу КУИАнын 1 академиги, 2 мүчө-корреспонденти шайланды. КМУнун базасында 24 адистик боюнча жети диссертациялык кеңеш иш алып барат. Аспирантурага илимдин 15 тармагы, 65 адистик боюнча кабыл алабыз. Университет эки жыл мурун 26 программа боюнча көз карандысыз аккредитациядан ийгиликтүү өткөн. Андан мурунку жылы магистратура программасын да аккредитациядан өткөрүп алганбыз.


Өз каражатыбызга курулган китепкана

Университеттин баардык шарттары бар, заманбап техникалык каражаттар менен жабдылган үч кабаттуу cанариптештирилген илимий китепканасы – биздин чоң сыймыгыбыз. Эки жыл мурун бир кабаттуу, эскилиги жетип, жертөлөсүн суу каптап кеткен имаратты университеттин ички каражатынын эсебинен үч кабаттуу кылып куруп алганбыз. Анда маалыматтык борбор, миллиондон ашуун китеп фонду, автоматташтырылган библиотекалык комплекс менен коштолгон интернет зал, электрондук каталогго эркин чыгуучу интернет база жайгашкан. Негизи университетте жети китепкана бар. Бул электрондук китепкана университеттин ошол китепканаларынын баарын бириктирип турат. Россиянын биз менен кызматташып жүргөн ири университеттеринин китепканалары менен, Москванын атактуу мурунку Ленин атындагы китепканасы менен дагы түз байланыштабыз. Ошол жактан кандидаттык, докторлук диссертацияларды, монографияларды электрондук түрдө алып турабыз. Андан сырткары, биздин университеттеги баардык диссертациялык кеңештерде корголгон эмгектердин электрондук түрү дагы топтоштурулат. Бул китепкана суткасына он эки саат иштеп, кечки тогузга чейин университеттин эле студенттери эмес, Бишкектин жашоочулары дагы келип, кызматынан пайдаланса болот. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер