Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмилбек Жусупов: “Жол – ноокаттыктардын эң орчундуу маселеси”

Эмилбек Жусупов: “Жол – ноокаттыктардын эң орчундуу маселеси”

14-февраль, 19:00
710 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эмилбек Рамидинович, жакында эле Баткенге жасаган иш сапарыңыздар учурунда Ноокат–Кызыл-Кыя жолунун абалы менен да таанышып келипсиздер. Жолду реконструкциялоо качан башталчудай?

-- Биздеги маалыматтар боюнча, эл аралык кызматташтыктын япон агенттиги  (JICA) менен келишимдер түзүлүптүр. Кудай буюрса, ушул жылы башталат деген ишенич бар. Биз шайлоочулар менен жолукканда, бул маселе өтө көп көтөрүлгөн. Бул Ноокат элинин эң орчундуу маселеси десек жаңылышпайбыз.

-- Жол оңдолсо, албетте, жакшы болот деңизчи. Бирок, оор жүк ташуучу унаалардын кыймылын чектебесе, ал жол да бат эле бузулат го?

-- Ошондой болбошу үчүн Ноокат шаарына кире бериш жерге айланма жолду куруу боюнча сунуш бар. Кечээ жакында бул маселе боюнча мен транспорт министри менен да сүйлөштүм. JICA менен түзүлгөн келишимде бул нерсе каралбай калган окшойт. Ошондуктан, кошумча сунуштарды беришибиз керек. Себеби, айланма жолдун курулушу биринчиден, жолду бузулуудан сактаса, экинчиден, жолдогу тыгынды да азайтат эле. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер