Акыркы кабарлар
» Саясат » Президент 25-ноябрда элдик курултай өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койду
Президент 25-ноябрда элдик курултай өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койду
16-август, 11:39

Президент Садыр Жапаров 16-августта "Элдик курултайды чакыруу жөнүндө" жарлыкка кол койду. Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта ушул жылдын 25-ноябрында Бишкекте биринчи элдик курултай чакырылары жазылган.
Жарлыкта курултайды уюштуруу комитетинин башчысы болуп мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов дайындалды жана курамы бекитилди.
Май айында Жогорку Кеңештин тармактык комитети Садыр Жапаровдун өтүнүчү менен “Элдик курултай жөнүндө конституциялык мыйзам долбоорун чукул караган, ” бирок документтин концепциясы колдоо тапкан эмес.
Элдик курултай институту былтыр 5-майдан тартып күчүнө кирген Конституцияда жазылган. Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрына чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек болчу.