Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Губернатор Текебаев камалабы?

Губернатор Текебаев камалабы?

17-декабрь, 18:23
1 327 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аз күн мурун КР эсептөө палатасы сенсациялуу билдирүү таратты. Транспорт жана коммуникациялар министрлигин текшеришип, 2023-жылдагы бюджетти аткаруу боюнча 5,7 миллиард сомдон ашык мыйзам бузуу аныкталганын шардана кылышты. Албетте, бул өтө олуттуу маселе. 

Негизги талаптар сакталбастан “Кыргызавтожол” ишканасы тарабынан 2,5 миллиард сомго жол техникасы, жабдуулар сатып алынган. Мунун 1,2 миллиард сому 2023-жылы которулуптур. Мындан тышкары, “Жол фонду” 969,7 миллион сомду колдонбой калса, 29,1 миллион сом максатсыз пайдаланылат. Ошондой эле кызматкерлерге 814,7 миң сом негизсиз төлөнүп, 160 миң сомго кеңсе товарлары жана материалдар ашыкча алынган. Аудиттин жыйынтыгы боюнча материалдар талданып, укуктук баа берүү үчүн башкы прокуратурага жиберилгени кабарланды. 

2023-жылы транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев эле. Жасаган иштерин жардамчыларына, блогерлерине пиар кылдырып, ашынып жүргөнүн көргөнбүз. Көрсө, көмүскөдөн миллондорду кымырып, кызыгына батып жүргөнбү? Өнүккөн өлкөлөрдү алсак, мындай фактылар чыкканда, күч органдары шашылып текшеришип, укуктук баа беришери айныксыз. А биздечи? Мурдагы министр Тилек Текебаев “кабагым-кашым” дебей Жалал-Абад облусунда губернатор катары бакылдап жүрөт. Жакаңды кармайсың да. Азыркы күндө кыңыр иштер эч убакта көмүскөдө калбайт, баары бир эртеби-кечпи ачыкталат. Анан жазалануу расмиси да көрүлөт. Ошондо Тилек Текебаев камалабы?  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер