Элера менен Нурайымга караганда Нурчолпон булбул үндүү

(Ырчы Нурчолпонго!)
Азыр саны көп, сапаты начар ырчылар жайнап кетпедиби. Жаш муундун табитин бузгандар да толтура. Эптеп эле кыңылдашса эстрада кошуп, “кооздой” беришет эмеспи. Бирок чыныгы ырчылар акыры ылганып, тандоодон өтө турган убакыт да келди окшойт. Мисалы, Нурчолпондун үнү бийик, уккулуктуу, жагымдуу. Орусча-кыргызча кандай гана татаал обондорду созбосун, баарын көркүнө чыгара аткара алат экен. Билимдүү, маданияттуу жагын да байкадым. Андрей Малаховдун көрсөтүүсүнө барып, улуттук жүзүбүздү даңазалап келгени да кубаныч жараткан эле. Ошондон улам Нурчолпондун чыгармачылыгын жогору баалап, урматтап калдым. Ал эми кээ бир аткаруучулар, мисалга алсак, Элера казактардын ырын созуп, сын-пикирге кабылган жайы бар. Авторлук кылган тараптар нааразычылык жаратышкан. Негизи үнү анча кубулжубайт, ачуу, кыскасы, жакпайт. Нурайым болсо хайп кармап, казак өнөктөшүн концертине киргизбей коюп, эки элдин ортосуна уу-дуу кеп жаратканы таңгалдырган. Үнү да чыйылдап жагымсыз. Ар кимибиз буларга карата чындыкты айталы да, туурабы? Аныгында, булбул үндүү Нурчолпонго салыштырганда, береги Элера менен Нурайым караандабай каларын ачык билдирип коёюн. Музыканы түшүнгөн угармандар менин ушул жазганыма кошулушса керек.
Байыш К.
"Азия Ньюс" гезити