Ырысбек Мааткабылов баңгизатка байланыштуу окуяга таптакыр тийешеси жок экенин билдирди…

Гезитибиздин ɵткɵн 18-август күнү чыккан санында жеке ишкер Ырысбек Мааткабылов тууралуу кабар чыккан. Анда «Мааткабылов колго түшүп, Турганбаев аралашып, Султанов коё берип жибердиби?» деген тема менен жарыяланган эле. Мазмунунда жеке ишкер Мааткабылов тийешелүү органдар тарабынан баңгизат менен кармалганын, Мелис Турганбаевдин кийлигишүүсү менен ИИМдин баңгизатка каршы күрɵшүү кызматынын жетекчиси Улан Султановдун коё берип жибергенби (?) дегендей суроо иретинде макала жарыяланган. Гезит жарыкка чыккандан кийин Ырысбек Мааткабылов бизге байланышка чыгып, бул окуя боюнча пикирин билдирди.
Ырысбек мырза ал окуяга таптакыр тийешеси жоктугу, окуя орун алган жерде да болбогонун билдирди. Көрсө, кармалган бала «Аламүдүн» базарынын администрациясында иштеген жигит экен. Ал кармалган учурда айдап жүргɵн унаа «Аламүдүн» базарына тийешелүү болгондуктан, айрым кызыкдар тараптар бул окуяга Ырысбек Мааткабыловдун атын кошуп, окуяны кɵбүртүп-жабыртып жиберген ɵңдүү. Ырысбек мырза “баңгизат колдонот” деген сɵздүн таптакыр чындыкка дал келбей турганын баса белгилеп, ал окуяны бирɵɵлɵрдүн ойлоп тапкан курулай каралоосу, жалган жалаа катары сыпаттады.
Биз журналисттик этикага ылайык, тактоо иретинде экинчи тараптын пикирине да орун бердик. Кимдир бирɵɵлɵр жɵн гана Мааткабыловду каралоого аракет кылгандай таасир калтырууда…
"Азия Ньюс" гезити