Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гезит базарды кантип сактап калабыз?

Гезит базарды кантип сактап калабыз?

03-июнь, 21:11
392 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүнкү күндө гезит саткан чакан базар мышык ыйлаган абалга жетти. Андагы көп жылдардан бери иштеп келаткан сатуучуларды көрүнгөн “чоңдор” көрүнгөн жакка айдап, “силер шаардын көркүн бузуп атасыңар. Бир моделдеги киоскилерди жасаткыла, ДУМИден уруксат алгыла, мэрия менен келишим түзгүлө, азыр эле 70 000 сомдон апкеле калгыла, болбосо киоскиңерди түрттүрүп салабыз” дегендей коркутуу-үркүтүүлөр күн сайын айтылып, жадагалса биртоп киоскилер алынды.

Ар бир цивилдүү өлкөдө, тиги жагы Америка, бу жагы Япония, Европанын ар бир мамлекетиндеги, калкы өтө мол шаарларында гезит-журнал сатыла турган киоскилер эл быкылдап кайнаган жерлерде турат. Мамлекеттин жүргүзгөн маалыматтык саясаты туура жолдо болгондуктан, пресса өкүлдөрү менен ар бир чиновник, мамлекеттик кызматкер, мейли президент, мейли спикер, депутат, министр, шаар мэри болсун, ортолорунда сый мамиле бар. А биздечи? Бизде прессага болгон мамиле ойдогудай эмес. 

Гезит саткан базарга бардым. Болгону 5-6 гезит-журнал саткан күркө гана калыптыр. Калганы жок. Далдоо жерде жайгашкан базар кимдин түн уйкусун бузуп атат? Э кокуй, биздин өлкөбүз эгемен алган жылдардан бери маалымат чордонуна айланып, ал жерде иштеген кызматкерлер үй-бүлөсүн багып, мамлекетке тийешелүү салыктарын төгүп, эриш-аркак иштеп келбеди беле?.. Айтор, бу темага дагы кайрылабыз, журналисттик иликтөөбүз мындан да тереңдейт. Эмнеге гезит-журнал саткан базар жок болуп кетүү коркунучунда турат, буга кимдер кызыкдар? А эмне үчүн ошол эле жерде жайгашкан азык-түлүк дүкөнү жана анын ээсине башкача мамиле кылынууда? Бүт изилденет, жөн койбойбуз! 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер