Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Курбумдун күйөөсүнөн төрөп алдым, бирок уулума атасын айта албайм

Курбумдун күйөөсүнөн төрөп алдым, бирок уулума атасын айта албайм

23-май, 17:11
1 456 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жети жылдан бери мени ичимде бир нерсе курттай жеп келет. Аны айтууга оозум барбайт. Уулумду көргөн сайын өзүмдү күнөөлөп келем. Уулум атасын сураса, кантип айтам?” деген ой мени тымызын жипсиз муунтуп келет. Мындан он жыл мурун жолдошум менен ажырашып кеткем. “Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” дегендей, биринчи турмушумдан запкы жеп калганга экинчи турмушка чыгууну каалабадым. Студент кезде бир нанды бөлүп жеп, сырыбызды айтышып жүргөн беш курбу кыз бар элек. Алар дайыма мага кабатыр болушуп, жалгыз калбай бирөөгө тий же жөн деле төрөп ал, жардам беребиз дей беришчү. Бирөөсүнүн күйөөсү жүрөнөөк болчу. Ал курбум тамашалап: “Күйөөмө токол кылып алып берем же убактылуу ала тур, үшүп-тоңуп, кыска этектерди аңдытпай жетелейт кет, көнүп деле калдым тентип жүргөнүнө”,-дей берчү. Бир жолку отурушта ошол курбум тамашага чалып, күйөөсүнүн көзүнчө мени айтты эле күйөөсү мени жалт карап күлүп койду. Бир кезде күйөөсү: “Добро берсең эгиз төрөтөм, бирок баарыңарды багам” деди. Баарыбыз кыраан каткырып кала бергенбиз. Убакыттын өтүшү менен күйөөсү мага жакындай баштады. Мындайга мурда кийин кабылып көрбөгөн жаным качып, курбумдун үйүнө да барбай калдым. Бир жолу коллегалар отурушунан кызымтал чыксам, курбумдун күйөөсү ошол жерде такси кызматын көрсөтүп турат. Түшүп алдым. Үйгө чейин колтуктап келип, көтөрө келген шампанын ачып, экөөбүз андан ары майрамды уладык. Өтө мас болуп, калганын билбейм. Эртең менен көзүмдү ачсам курбумдун күйөөсү жылаңач койнумда жатат. Денем дүркүрөй түштү. Шашып-бушуп ойготуп, үйүнө кетирдим. Ал да унчукпай кийинип алып чыгып кетти. Түштөн кийин курбумдан смс келди. Карасам: “Эгиздик кылып алдыңбы?”-деп күлгөн смайликти жибериптир. Көпкө чейин уялып барбай жүрдүм. Күйөөсү болсо мага тынбай келе берчү болду. Келбе десем, курбуңа айтам дейт. Ооз басырык кылып, бир топко жашыруун жолугуп жүрдүк. Бир күнү курбулар мени таап келишти. Алар менен чогуу отурганда бир курбум өзунүн агасын тааныштырууга аракет кылды. Мен жаныма жуутпай койдум эле курбум болсо менин күйөөмдүн токолу тийишпегиле” деди. Жаман абалда калдым. Ан сайын курбум төрөсөң күйөөмдүн фамилиясын берем деп тамашаны улай берди. Арадан алты ай өткөндө курбуларым баламдын атасын сурай башташты. А мен болсо айтпай эле койгонум оң десем, курбум: “Ой менин күйөөмөн” деп балп эттирди. Баары каткырып күлүп, “эми сен бизден көбүрөөк жардам бер” дешти. Ошону менен унуткарылып калды. Төрөгөндө негедир курбум күйөөсүн ээрчитип келип, чуркап жүрүштү. Көрсө мас болуп, мен курбума баарын айтып, күйөөңдү алып калдым дептирмин. 

Азыр уулум да, кызым да атасына куюп койгондой окшош. Курбум менден кол үзгүсү келбейт. Анын үч кызы бар, уул бала жок. Үчтөн кийин төрөгөнгө да болбойт деп врачтар тыюу салышкан. Өткөндө мага: “Уулуңа атасын айт. Күйөөм уул бала үчүн башкага кетишин каалабайм. Жок дегенде сендеги баланы кармансын” дейт. Мен айта албай жатам.

(Интернет булактарынан)
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер