Төрөбай Зулпукаровдон кутулган Алтынбек Сулаймановдун көңүлү куунак
Атамбаев менен Жээнбековдун бийликтеринин учурунда Төрөбай Зулпукаров Ноокатта өзүн хан сезип, Алтынбек Сулаймановго үстөмдүк жасап, кысым кылып келгени саясый чөйрөгө белгилүү эле. Өзгөчө шайлоолордо күн көрбөзбөй калчу. Ал эми Ноокаттагы жергиликтүү чиновниктерди Зулпукаров менчигиндей эле алмаштырып, эң башкысы, республикадагы кадр саясатын каалагандай чечип келгенин жашыра албайбыз. Миллионерге айланып, өлкөдөгү таасирдүү он адамдын катарына кирип калган. Бийлик акыры былыгын чыгарып, камап тынды. “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен Төрөбайдан мүшөк-мүшөк долларбайларды “кустурса” керек. Мындай шартта Алтынбек Сулаймановдун көңүлү куунак, кичи мекени Ноокат районунан позициясын оңдоп, келаткан шайлоого чейин ирденип алат да. Кыраакы саясатчы болуп калбадыбы...
"Азия Ньюс" гезити