Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алыкул Осмоновдун философиялык лирикасы

Алыкул Осмоновдун философиялык лирикасы

05-март, 20:29
1 011 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Акын менен философ, адабият жана философия бири-бирине жакын, көп учурда эриш-аркак. Анткени бул экөөнүн тең иликтеген – автор, экөөнүн тең чагылтуу объектиси адам тирлигинин «каргыш тийген маселелери» (проклятые вопросы бытия). Илим-билимдин башка тармактары дүйнөнү бөлүп-бөлүп, салаа-салаа кылып өз багыттары боюнча изилдесе, философия менен адабият бу дүйнөнү бүтүндөй камтып чогуу карайт. Экөө бул жагынан үзөңгүлөш. Кыскасын айтканда, акындын, жазуучунун ойломунун структурасында философиялык акыл-эстин угуту, уюткусу жатпаса, бу дүйнөнүн өмүр, өлүм, тагдыр, жашоонун маани-маңызы сыяктуу көптөгөн көйгөйлүү, түбөлүктүү озуйпаларын көркөм жана терең чечмелеп, ырга салуу кыйынга турат. Дүйнөлүк адабиятта Данте, Гете, Шота Руставели, Шекспир, Наво, Низами, Яссави, Пушкин, Бальзак, Лев Толстой, Достоевский өңдүү акын, жазуучулар бир эле учурда художник да, философ да болушкандыктан атактары ааламга жайылган. Биздин Чыңгыз Айтматов да бир жагынан жазуучу, экинчи жагынан философ эмес беле. 

Ал эми Алыкул Осмомновго келсек, бул акыныбыз да дүйнөгө, турмушка, адамга поэтикалык да, философиялык да көз караш менен караган инсан болгон. Абыкерим Муратов аны “акылман” деп бекеринен көкөлөткөн эмес. А.Осмоновдун өзгөчөлүгү жөнүндө Байдылда Сарногоев моминтип туура жазган: «Кыргыз акындарынын бир тобу кооздуктун, аллитеризациянын, уйкаштыктын жана эргиген эмоциянын акындары болушса, Алыкул ойчул, баамчыл, философиялык толгонуулардын акыны». Чынында эле, А.Осмоновдун ырларынан жана поэмаларынан анын философиялык мүнөздө ой жүгүртө билген талант экендиги ачык сезилип турат. Акындын масштабдуу ой жүгүртүүсү бир катар поэтикалык чыгармаларында:

Чаңдатып сан миң жылдын эки арасын,

Тагдырдын сазга айлантып зоо, аскасын.

Өмүрдү салмоор кылып зырылдатып,

Замана кайда зуулдап баратасың? - деп дүйнөнү кенен камтып, алысты чапчып ырдаганынан да байкалып турат. Даанышман акындар айланасындагы жеке көрүнүштөрдү гана айланчыктабай, обого канаттай калкып чыгып, жалпы заманага, доорго серп салып, ыр нөшөрүн төгүшкөн. (Улуу акындар Калыгулдун, Арстанбектин, Молдо Кылычтын, Жеңижоктун «Замана» ырларын эске түшүрөлү). Алыкул ушул акын ата-бабаларынын уландысы сыяктуу. Бирок улуу акындар өз заманын трагикалык нота менен ырга салышса, Алыкул Осмонов замананы башка интонация менен жөндөгөн. Алыкул инсандык-интеллектуалдык жактан жогорулап өсүшүндө Шекспир, Руставели, Навои, Пушкин, Крылов сыяктуу даанышман, гений акындардын мектебинен окуп, которуп таалим алган, элдик акылман фольклордун, макал-лакаптардын, легендалардын, уламыштардын, улуу «Манастын» мектебинен өткөн. Ал көп окуп, арбын изденгендиктен, философиялык айрым эмгектерди да окубай койбогон. Бирок да айта турган нерсе, А.Осмонов тыш жактан үйрөнүп гана философ-акын болуп чыга келген эмес. Даанышмандык потенциал анын ички акыл-эс болумушунда жашаган. Тышкы факторлор анын ички күч-кубатынын катализатору болуп кызмат кылган. Алыкул «Көзүм өткүр» деген ырында өзү жөнүндө: «Көзүм өткүр өрттү өчүрө караган, көөнүм жарык, музда көктөп өнө алам» деп жатпайбы. Ырасында эле, көөдөнүңдө көрөңгөң жок болсо, көкөлөп учушуң кайда? Тубасалыгың жок болсо туйгун болуп уча албассың. Дээриңде жок болсо, дердеңдегениңден не опа?

Алыкулду «философиялык толгонуулардын акыны» (Б.Сарногоев) деп атоого татыктуу омок болуп бере турган поэтикалык чыгармалардын бири анын «Отуз жаш» атуу бу жалгандагы пенденин өмүр-тагдырына арналган классикалык ыры болуп саналат. Өлүм, өмүр, тагдыр адамдык эрк сыяктуу философиялык маанидеги түйүндүү түшүнүктөр «Отуз жаштын» сюжеттик-композициялык жана мазмундук түзүлүшүн уюштуруп, ичтен тиреп турган борбордук мерчемдер экенин баамдайсың. Өлүм, өмүр, тагдыр, инсандык эрк-кайрат жөнүндө буга чейин кимдер гана жазбаган? Бул темаларда тээ илгертен Омар Хайям баш болуп Чыгыштын канчалаган акындары ырдап келишкен, канчалаган укмуш ырлар жаралган. Карап турсаң аталган темалар кырманга айланып, жазарга эч нерсе калбаган өндүү. Бирок бул жерден улуу сынчы Белинскийдин төмөнкү сөзү эске түшпөй койбойт: «Турмуш деген түгөнгүс, терең, чексиз көп түрдүү. Аны канчалык жазып бүттүм десең да, жазылбаган жагы чыга берет. Канчалык эмгектенсең да, турмуш китебинин бир барагын гана жазган болосуң. Турмуштун китебин бүтүндөй жазуу эч качан колдон келчү иш эмес». Бу тирүүлүктүн айлампасында улам жаңы тукумдун жарыкка келиши менен эски көйгөйлөр кубулуп, улам бир жаңы кыры менен көрүнө берет экен да. Алыкул Осмонов мындан мурда балалыгына да, 25 жашына арнап да ырларды жазган. «Отуз жаш» ыры да 1944-жылдын 8-декабрында, 22 күндөн кийин 30 жашка чыга турган курагына арналып жазылган. Бирок «Отуз жаш» ыры биографиялык факт болуудан калып, кыргыз поэзиясындагы жалпы адамзаттык мааниге эгедер терең философиялык чыгарма сыңары кала берди. Эмесе ырдын биринчи строфасын окуйлу:


Отуз жаш 

Ырас өмүр кандай кыска, кандай аз...

Тагдыр ошол өлчөмүнөн көп кылбас. 

Бирок чиркин аздыгына мейли эле, 

Анын октой тездигине катат баш.

Кечээ гана тиги кырда жок эле,

Кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш?

Караңызчы, акындын эмоциясына «бууланып», көөдөндөн ыргып чыгып, эркин ташталган, эч кимди туурабаган, эч кимди ээрчибеген, “Алыкул гана ушундай жазышы мүмкүн” дегендей саптар го, бу түрмөк. Строфанын аягында чукулунан кайрылган, күтүүсүз табылган «Кечээ гана тиги кырда жок эле, кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш?» деген образдуу метафора андай-мындай дегиче, ачып көздү жумгуча аткан октой «чуу» дей түшкөн өмүрдүн тездигине акындын өкүнүчтүү айраң калуусун чегине жеткизе курчутуп, таасын жеткирип, поэтикалык түрмөккө логикалык жыйынтыктуулукту ыроолоп турат. Баш-аягы жок кең аалам, миллиарддаган жылдардан, миллиондогон кылымдардан турган өмүрү бар, чексиз жашоо таалайына ээ улуу табият өзүнүн кучагындагы акыл-эс менен жаралган жападан жалгыз ажайып жанга – адамга – «ааламдын гүлүнө» 70-80 жылдык гана өмүрдү ыраа көргөнүн карабайсыңбы! Ааламдын чексиз жашоосунун фонунда бул бир көз ирмемдик нерсе го. Табияттын, тагдырдын пенде тирүүлүгүнө карата зыкымдыгын, сараңдыгын, тардыгын, ташбоордугун көрчү! Акын Алыкул «Отуз жашын» жазарда өмүр жөнүндө философчосунан олуттуу ойлонуп, ташбоор тагдырдын бул кылыгына өкүнүп, «Ырас өмүр кандай кыска, кандай аз, тагдыр ошол өлчөмүнөн көп кылбас» деп толкунданып ырын кейиш менен баштап отурат. Бирок өмүр «кандай кыска, кандай аз» болсо да, тирүүлүк – бейиш дегендей, бул көз ирмемдик жашоонун өзү кандай кымбат, кандай кызык! Алыкул бир жагынан тигинтип өмүрдүн кыскалыгына наразыланса, кайра ошол эле учурда кыска өмүрдүн мелт-калт толгон кызыгына суктана карап турат:

Өлүм-өмүр аралыгы даңгырап, 

Тазалыгын, сонундугун карачы!

Даяр орду, белен жолу бош турбай, 

Анын мелт-калт толумдугун карачы.

Дегеле, «Отуз жаш» ырынан өлчөмү аз өмүрдү татыктуу маани-маңызга мелт-калт толтуруп жашоо идеясы жаңырып турат. Бирок өмүрдүн баркына баары эле жете бербейт тура. Алыкул жазып аткан ошол өлүм-өмүр аралыгында кызыл-тазыл кийинген ар кандай азгырыктар, жалган иллюзиялар, алдамчы кооз оюндар, адаштырган кумарлуу кызыктар да арбын болот. Ошолорго арбалып, ошолордун чыргасына чалынып жаш адам жалгыз октой болгон жаштык өмүрүн наатка кетирип, акыры текке кеткен кымбат жаштыгына өкүнүп, санын чаап отуруп калышы мүмкүн. «Отуз жаштын» үчүнчү строфасында акын ошондой опурталдуулук тууралуу келтирет: 

Бүгүн дуулдап, кечээкимди ойлонбой, 

Кечээ жыргап: эртеңиме кайдагы ой?

Мени алдаган жаштыгыма ишим жок,

Өлүм мени эркелетип койгондой?! 

Ушунча күн, ушунча жыл арасы,

Жана гана, бая гана болгондой.

Көрүнүп тургандай, Алыкул Осмонов бул строфада жашчылыгына мас болуп, тайраңдап ойноп-күлгөнгө азгырылып, эртеңкисин ойлонбой, күнүмдүккө алданып, күлгүн курагын бошко короткон жаштыктын образын көркөмдүктүн жобосу менен көңүлгө уюгудай кылып берип койду.

«Отуз жаштын» ыр түрмөктөрү улам арылаган сайын ойлордун чыңалуусу өсүп жүрүп отурат. Эмесе 5-строфага келели:

Артык экен, кымбат экен жаштык кез,

Алтын экен, жакут экен баа жетпес.

Маңдайынан да бир сүйүп калууга,

Токтоп бербес, токтотууга күч жетпес.

Коюн толгон отуз жаштан айнууга,

Өмүр чиркин, өкүмү күч жол бербес.

Терең баамдасак, бул түрмөктүн түпкүрүндө лирикалык каармандын (Алыкулдун) каалоо-тилеги, ысык ыкласы менен катаал тагдырдын ортосунда конфликттүү драма жатат. Лирикалык каарман бир кылчайып койбой зуулдап өтүп бараткан жакуттай, алтындай кымбат жаштыкты токтотуп, маңдайынан да бир сүйүп калгысы бар, отуз жаштан жыйырма жашка айныгысы келет. Тагдыр жол берсе, жаштыктын оттуу кучагында дагы бир ирет кайталап оюн салып калууну кыялданат. Бирок табият-тагдырдын адамдын каалоосу менен иши жок. Өмүрүңдү куунак өткөрөсүңбү, куурап өткөрөсүңбү – бул ал үчүн бир тыйын. Жалган дүйнөдөгү тагдырдын жалгыз мүдөөсү, бир гана мыйзамы бар, ал – адам өмүрүнө өлүм менен чекит коюу. Адам аалам тарабынан аныкталган тагдыр мыйзамынын алдында, өлүмдүн алдында алсыз. «Тагдыр ошол өлчөмүнөн көп кылбас», «токтоп бербес, токтотууга күч жетпес, өмүр чиркин, өкүмү күч жол бербес», «айныр элем, айныганда не пайда?» деп Алыкулдун да аргасы кетип турбайбы. Акын ырдын алтынчы строфасында «Жым-жым эткен ээндикке жоголуп, караан үзүп кирип бара жаткансыйт» деп өмүрдүн кайра кайтпас, барса келбес туюкту карай учуп бараткандыгына тынчсызданат. 

Кыскасы, өмүр, өлүм, тагдыр, жаштык маселеси ХХ кылымда Алыкул Осмоновдун гана алдынан чыга калган маселе эмес. Бул «каргыш тийген» көйгөйлөр тээ байыркы дүйнөдөн бери адамдардын башын катырып келатат. Илгерки Коркут Ата “адам өлбөс өмүр менен жашаган жер барбы?” деп дүйнөнү кыдырган. Чыңгызхан өлбөстүн дарысын издеген. Өмүрдү узартуу үчүн тибеттиктер медитацияга барса, көптөр мүрөктүн суусун табууга аттанышкан. Бирок баардыгы, акыры топурактын алдында калышкан. Мына ушундай жагдайлардан улам адам коомунда өмүр, өлүм, тагдыр жөнүндө түрдүү концепциялар жаралган. Алыкул Осмоновдун «Отуз жашында» кайсы концепцияга ыктап тургандыгын аныкташ үчүн ошол концепциялардын негизгилерине тезис формасында кыскача токтолуп өткөнүбүз ылайык болор.

Биринчи. Өмүрдүн фаталисттик концепциясы. Мааниси – сенин тагдырың асман тараптан алдын ала аныкталып коюлган. Сен эч нерсени өзгөртө албайсың, канчалык мөңкүсөң да, туйласаң да, ыйласаң да жазмыштан эч кайда кача албайсың. Сенин үлүшүң – тагдырга, фатумга кол куушуруп баш ийүү. Кээде фортуна күлө караса, буга да тобо деп, бирок өлүмдү тагдырдын башка саагаты деп кабыл алып, маңдайга жазганды көрүү керек. Сен тагдырдын кулусуң.

Экинчи. Биологиялык тукум улоо концепциясы. Мааниси – адам өлбөйт, анын өмүрү небере, чөбөрө, кыбыраларында уланат. Сен бу тирүүлүктүн түбөлүктүү айлампасында биологиялык тукумдарында жашайсың. Тукумуңдун жашаганы – сенин жагашаганың. Ошон үчүн көрүңдө тынч укташың керек.

Үчүнчү. Диндик-мистикалык концепция. Мааниси – ааламдын ээси Кудай. Кудайсыз куурайдын башы “былк” этпейт. Кудайдын бул дүйнө жана тиги дүйнө деген эки ааламы бар. Пенде өлбөйт, бул дүйнөдөн кетсе, тиги дүйнөдө жашоого өтөт. Ал жактын бейиши, тозогу дегени бар. Кудайды сүйүп, анын эрки менен болуп, жакшы иштерди кылып, Аллахтан суранып-тиленсең, бейишке чыгып, түбөлүк өлбөй жашайсың. Адамдар ушундай мистикалык-иллюзорду идея менен өздөрүн сооротушуп, жандарын жай алдырышат.

Төртүнчү. Биологиялык өлүү жана руханий-социалдык жашоого өтүү концепциясы. Мааниси – төрөлүү-өлүү бир эле нерсенин эки учу. Өлүм дүйнөнүн мыйзамченемдүүлүгү, андыктан аны болбой койбос зарылдык катары кабыл алып, ага даярдануу керек. “Жаман өлүү ыйлуу, жакшы өлүү сыйлуу” дегендей, жакшы өлө билүү керек. Ага жакшы ишиң менен даярданганың эп. Өлүмгө көрпенде болуп эмес, нурпенде болуп барышың абзел. Аны адамдарга жарык чачкан ичиңдеги күнүң менен тосуп ал. Маселе узак жашагандыкта эмес, маңыздуу жашагандыкта, жашоонун маанисин терең туюнуп күн кечирүүдө. Аз жашасаң да саз жашаганың – өмүрдү актаганың. Артыңа калтырган мурастарың, өрнөктөрүң, өмүрүңдүн ак жаркын сабактары элиңдин эңчисине, муундардын кастарлаган мүлкүнө айланса, сенин өлүп жатып өлүмдү жеңгениң, өлбөс өмүргө ээ болгонуң ошол. Биологиялык жашооң бүтүп, экинчи өмүргө – рухий-социалдык жашоого, коомдун тарыхый эстутумунда түбөлүк өмүр сүрүүгө өткөнүң ошол. Адамзат мына ушундай өмүр концепцияны да таап отурат.


(Уландысы бар)

Советбек Байгазиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер