Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмил Үмөталиев: “Убадалар берилди. Бирок, күмөн саноо көп”

Эмил Үмөталиев: “Убадалар берилди. Бирок, күмөн саноо көп”

25-декабрь, 11:42
1 184 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- 1-вице-премьер-министр Артем Новиков менен ишкерлердин жолугушуусунда эмнелер жөнүндө сөз болду?

-- Новиков менен ишкерлер жамаатынын жолугушуусунда өкмөт менен кызматташууга, көйгөйлөрдү терең түшүнүүгө, иш-чараларды демилгелөөдө жана чечимдерди кабыл алууда биз тараптын пикирлерин эске алуу сунушталды. Муну жакшы тажрыйба катары эсептейм. Мурда эл аралык уюмдар менен кызматташып келген учурларда, ушундай жол менен көп көйгөйлөрдү чечип алчубуз. Тилекке каршы, акыркы жылдары мындай иш-чаралар четте калып келген. Өкмөт жактан жарандык коомдун өкүлчүлүктөрүнүн Бишкек коомунун кызматташуусу кыскартылып калган. Аз гана учурларда өздөрүнүн жакын тарапташтары кызматташып турчу. Калың катмардын проблемасы эске алынчу эмес. Эгер бул жол туруктуу уланып кетсе, анда жакшы болот.

-- Кандай кубандырарлык иштердин болору күтүлүүдө?

-- “Кубандырарлык деп бир нерсе айтууга азыр эрте. Жолугушуунун катышуучуларынын баардыгы тең тажрыйбалуу болгондуктан, сүйлөшүүлөр оор салмакта кабыл алынды. Анын ичинде күмөн санагандар да болду. Өзгөчө салык системасындагы сунуштала турган долбоорлор, иш-аракеттер сөзсүз керектелет. Бирок, аны менен көп көйгөйдүн чети гана оңдолот. Чечилбей турган иштерди жөнгө салууга дагы эки тараптуу талкуулар талап болот. Биз көбүнесе ишкерлерге белгилүү иш-чаралардын аягына чыкпай келгенбиз. Эми аларды ордунан жылдырып, алдыга сүрөөгө саясый эрк гана керек. Калың катмар элдин экономикалык эркиндиги эске алынып, чакан жана орто ишканалардын санын көбөйтүүгө өбөлгө түзүлүп, аны менен жумуш орундары көбөйөт (!) деген үмүттөбүз. 

-- Өлкөдөгү экономикалык көйгөйлөрдү чечүү боюнча кандай сунуш-пикирлер айтылды?

-- Ошол жерде катышкандардын жарымынан көбү өз пикирлерин айтууга жетишти. Негизинен ар бири мамлекеттик мекемелердин кийлигишүүсүн, ашыкча чектөөлөр менен талаптар коюларын айтты. Анын азабынан көп ишкерлик токтотулуп жатканы тууралуу кабарланды. Адилеттүүлүктүн корголбогону жана соттордун кызматтагы кыянаттыгы тууралуу да ойлор ортого салынды.

-- Бизнести ашыкча текшерүү жөнгө салына турган болдубу?

-- Убадалар берилди. Бирок, күмөн саноо абдан көп. Анткени, айтылган иштер аткарылбай келатканына көп жыл болду. Бул жолугушуунун жыйынтыгы да убакыт менен таразаланат. 

-- Жыйынтыгы адатта кандай болот?

-- Мындай жолугушууларга көп эле катышып келатам. 1990-2000-жылдары эл аралык уюмдар менен көбүрөөк кызматташкан мезгилдерде өкмөт алардын жардамын көздөчү. Анын арты менен элдин талабын угууга да макул болушчу. Ал эми акыркы 10 жылда аткаруучу бийлик чет элдик уюмдар менен иштешүүнү четке какты. Аны менен бирге эл менен эсептешүү процедуралары да артта калган. Жыйынтыгында, ар тармактын өкүлдөрүнүн сунуштамалары угулбай келди. Эми мындан ары кандай болорун жакынкы тарых көрсөтөт. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер