Шалаакы полковниктерге мыйзам иштебейби? Карьералык секирик жасашканда...


ИИМде эл үчүн кызмат кылган кадрлар арбын. Профессионал жетекчилерди санабай эле коёлу. Бирок... “Кой аксагы менен миң” дегендей, айрым погончондордун уяткарып келатканы боюнча калыс кепти ортого салалы. “Шибегени капка ката албайсың” дейт.
Биринчиси, Айзаданы ала качканда Бишкек ШИИБси ыкчам иштеп коюшпай, каргашалуу өлүмгө кириптер кылышкан. “Той жейсиңер” деп шылдыңдоонун аягы аянычтуу трагедияга жеткизди. Агезде Бишкек милициясын Бакыт Матмусаев жетектеп отурган. Береги окуядан кийин “Шалаакылык” беренеси менен айыпталып, кызматынан айдалган эле. Тилекке каршы, учурда ал ИИМдин атайын полкун башкарып, генералдык кызматта кебелбей отурат. Өкмөт аркылуу дайындалганын борбордук аппараттан билдиришти. Бул полковник ичип алып, эки машинаны катары менен сүзүп, бирок жоопкерчиликке тартылбай кеткени ЖМКларга жайылган эле го? Андан да “кургак” чыгып кеткени каңкууланды.
Экинчиси, Айзаданы өлүмү боюнча Улан Айтбаев да айыпталып, моралдык жактан кызматта отурууга укугу жок экени талкууга алынган. Учурда Бишкек ШИИБнин кылмыш иликтөө башкармалыгын жетектеп отурат. Кандайча? Кечээгиден сабак албайбызбы?
Үчүнчүсү, Айзаданын окуясы үчүн Биринчи Май РИИБнин орун басары Искен Базаркулов кызматынан кеткен. Начальниги Казакеев арызын жигитчесинен жазып берип, кайра системага кайрылып келген жок. Бул абийирдүү адамдын кадамы! Ал эми Искен Базаркулов Жайыл РИИБге начальник катары дайындалды го? Туй ата! Маалымат интернет булактарына чыкканда “шок” болдук!
Төртүнчүсү, Марлис Асанов Чүй ОИИБнин орун басары кезинде Бурулай Жайыл РИИБнин имаратынан бычакталып өлтүрүлгөн. Бир катар жетекчилер кызматтарынан шыпырылган. Алардын ичинде Марлис Асанов да “Шалаакылыкка” айыпталганы ырас. “Факт деген өжөр нерсе” деп Ленин бекеринен айткан эмес да. Бирок, бул жигит болбой эле креслого жармашып атпайбы! Бүгүнкү күндө Марлис Асанов Талас ОИИБнин начальниги катары керсейип отурат. Өткөндө чогулуш өткөргөндөн кийин кол астындагы полковниги өзүн-өзү атканы эмнеси? Окуяны чоо-жайы териштирилдиби?
Ток этерине келсек, убагында “Шалаакылык” беренеси менен кызматтарынан алынышкан жетекчилер жыл айланбай карьера жасашып, чоңоюп кетип атышпайбы! Качан ырааттуу жолго түшөбүз? Бизде адилеттүүлүк, мыйзамдуулук каралабы? Же эмне, береги полковниктерден башка профессионалдар кырылып калышканбы? Андай эмес да, таанышы, акчасы жоктор арбын. Бирок алар көмүскөдө калышканы өкүнүчтүү. Ардактуусу ИИМде тек гана отурат. Чачы да агарып кетти...
"Азия Ньюс" гезити











