Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жалпы 19 медицина кызматкери коронавирус жуктурду

Жалпы 19 медицина кызматкери коронавирус жуктурду

07-апрель, 10:57
692 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн, 7-апрелде Кыргыз өлкөсүндө коронавирус оорусун дагы 12 адам жуктуруп, жалпы саны 228 адамга жетти. Жаңы жуктурган 12 адамдын жетөө дарыгерлер. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
 

"Бүгүн коронавирус жаңы катталган 12 адамдын баары тең Ош облусунан. Булардын ичинен, тилекке каршы, 7 адам медицина кызматкерлери. Алардын экөө дарыгер, бешөө медайым болуп иштечү", - деп билдирди министр. “Бүгүнкү күндө COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган дарыгерлерге кенемте төлөп берүү маселеси каралып жатат. Кенемтенин суммасын комиссия аныктайт – бул бир жолку компенсация, ал эми өлүм учуру катталса, башка кенемте каралат”, – деп билдирди саламаттык сактоо министри С.Абдикаримов.

Анын айтымында, ушул күндөрү өзгөчө абал учурунда дарыгерлердин макамы тууралуу мыйзам Жогорку Кеӊешке кароого киргизилет жана алар тез арада оӊдоолорду киргизүүгө даяр.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер