Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Козубек Иманкулов: “40 жылдан бери көрбөгөн колдоону Садыр Жапаровдон көрдүк”

Козубек Иманкулов: “40 жылдан бери көрбөгөн колдоону Садыр Жапаровдон көрдүк”

08-ноябрь, 14:21
626 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Талас  байрагы” облустук гезитинин башкы редактору менен маек.

Ар бир облустун руханий таянычы, ордосу болуп, алыскы аймактардын көйгөйүн, маселесин жеткирүүчү үн болгон облустук гезиттер көп запкы тартты. Президентибиз Садыр Жапаров өзү башында туруп, басма сөз күнүнүн алдында көйгөйдү чечүүгө тапшырма бергенине облустун гезиттердин кызматкерлери кубанып турган учур. Бүгүн тарткан запкылары, бүгүнкү бийликтин колдоосу тууралуу “Талас байрагы” гезитинин башкы редактору Козубек Иманкулов айтып берди.

-- Акыркы жылдары облустук гезиттер кандай абалга кептелди? 

-- Облустук гезиттер мурдатан эле материалдык, техникалык базадан жабыркап, көп жетишпестиктерди баштан кечирип келген. Акыркы жылдары бизге болгон кысым өтө күч алды. “Облустук гезиттерди кыскартабыз, медиа борборлорду түзөбүз” деген демилгелер болуп, жабууга аракеттеништи. Бизди психологиялык жактан жүдөтүп, басмырлап отуруп, иштей албай калдык. Бул кысымдардан Нарын облустук “Теңир-Тоо” гезитинин редактору Таалай Дүйшөналиев арабыздан өтүп кетти. Чекебизден соттук иштерге байланыштырышып, кысымдар көп кыйноого салды. Кийинки беш жылда иштөөгө таптакыр мүмкүнчүлүк болбой калган. Акыркы үч жылда медиа борбор түзүп тынышты. “Гезиттердин статусун жоготуп, телелердин алдына басып берип жатасыңар” десек, алар “чыгашаңар көп экен” деп чыгышты. Мисалы, бир жылда 50 млн. сом алсак, анын теңинен көбүн (30 млн. сомду) кайра жыйнап беребиз. Ошол эле учурда “облустук телевидениелерге 100-120 млн. сом кетип жатат. Алар чыгашасынын 5%ын да жаппай жатпайбы” деп диалог иретинде сүйлөшүүгө баралы десек, чиновниктер таптакыр укпай койду. Ошондой оор күндөрдү кечирдик. Биздин көйгөйүбүздү уккан Жогорку Кеңеш гана болду. Эки жолу чечим чыгарып берди.   

Акыры 7-майда 64 облустук гезиттердин кызматкерлери кыскартылып, медиа борбор түзүлүп, процесске кирип кеттик. Гезиттерге өтө өгөй мамиле жасалып турду. Түгөлбай Казаков министр болуп турган учурда “ушунчалык реформа керек болсо, материалдык базасын чыңдап, сайттарын ачып, айлык акыларын көтөрүп бергиле. Ушуну реформа деп айтат” деп ток этер жерин белгиледи. Калган башка министрлер өз позицияларына туруусу кыйын болду. Ошентип облустук гезиттердин көйгөйлөрүнө көз жумуп коюшту. 

-- Каражат маселесинде кандай күнгө кабылдыңыздар?

-- Арифметикалык далилдүү сунуштарыбызды эч ким уккан жок. Финансы министрлигинин отчетуна таянсак, облустук ар бир телевидениеге жыл сайын 12 млн. сом каражат бөлүнөт. Ошол эле убакта бизге ашып кетсе 3-4 млн. сом бөлүнөт. Анан Жогорку Кеңеште чечим чыгартууга жетиштик, бирок алар аткарылган жок. Каныбек Иманалиев, Садык Шер-Нияз, Рыскелди Мобеков, Тариэл Жоробеков ж.б. депутаттар көйгөйдү калыс карап, чечим чыгарып берүүгө жетишти. Журналисттер уюмунун төрагасы А. Султанбаевдин да колдоосу чоң болду. Бирок аткаруучу бийлик касам ичкенсип таптакыр кулак төшөгөн жок. Биздин чыгармачылык жамаатта убагында Чыңгыз Айтматов, кыргыз поэзиясынын атасы деген Сүйүнбай Эралиев, кара сөздүн чебери Касым Каимов ж.б. кашкөй калемгерлердин калеми төшөлгөн экен. Канча деген калемгерлер бизден өсүп чыккан эле. Жер-жерлердеги интеллигенциянын таянычы болчубуз.  

-- Бүгүнкү бийлик кандай колдоо көрсөтүүдө? 

-- Жакында президентибиз өткөргөн пресс-конференцияда биздин кесиптешибиз, “Чүй баяны” гезитинин редактору Жыпара Жээналиева маселе коюп, президент менен жолугууга жол ачылды. Алгач министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кабыл алды. Бүт көйгөйдү укту. 30 жыл аралыгында кулак төшөп, дилин төшөп, көйгөйдү уккан мындай жетекчи болгон эмес. Фейктердин заманы да өтөт. Фейктер олуттуу эмес, коомду башаламандыкка алып келген каражат экенин Эдил Байсалов белгилеп айтты. Андан президент Садыр Нургожоевич өзү кабыл алып, 30 мүнөттөй баарлаштык.

Президент ошол жерден биздин көзүбүзчө кол коюп, министрлер кабинетине   протоколдук тапшырма берди. Мурда божураган кооз сөздөргө маани берип, түйүндүү маселелерге терең үңүлүп, калыс, адилет мамиле жасабаган бир топ чиновниктер артка жөнөтүп койчу.

Казакстанда теле менен радио өзүнчө экен. Анан эч бир байланышы жок гезит менен телени бириктирип салган чиновниктер таңгалдырган. Тилекке каршы, фейктерде сайттарда, жергиликтүү жана борбордук телеканалдарда гезиттердегидей курч маселелер чагылдырылбайт. Өз ара кызыкчылык барбы, айтор, теле сүймөнчүк, биз – гезитчилер жек көрүндү болгон образ түзүлгөн эле.  Эми жаңы токтом боюнча облгезиттер өзүнчө статуска ээ болот жана материалдык, техникалык базасы чыңдалат. Эмгек акылар көбөйтүлөт. Ушуга шыктанып, жигер байлап калдык. 

Президентибиз өзү колдоп жатса, мурдагыдай интригалык көрүнүштөр болбойт го. Садыр Жапаров өзү мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүп жаткандан кийин чиновниктер мурдагыдай жорук-жосундардарды жасабайт деген ойдомун. Себеби, ар кандай маселе жаралса, чечимди түз кабыл алып, айкын карап бере турган адамдар келди. Маселебиз абдан жакшы чечилди. 40 жылдан бери  көрбөгөн колдоону, жылуулукту бүгүнкү  президентибиз Садыр Жапаровдон көрдүк. Облустук гезиттердин абдан ыраазы болгон жери ушул болду. Буюрса жакында өкмөттүн токтому чыгат. 30 жылдан берки чечилбеген көйгөйүбүздү чечкен бүгүнкү бийликке алкыш гана жолдомокчубуз! 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер