Турат Акимов: “Американын мурдагы базасы карантинге жооп бербейт”

-- Кошуна өлкөлөрдү дарт тооруду. Биздин өлкөнүн алдын алуусу сизди канаатандырып жатабы?
-- Өкмөт жакшы эле аракет кыла баштады. Эл талап кылып жатат. Жазгандар жазып жатабыз. Бирок аткаруу системасы жакшы болбогондуктан, жакшы аткарылбай калууда. Американын базасынан калган жерге карантинге адамдарды алып келип коюптур. Же терезеси, же суусу жок, же дарылоочу жайы жок. Жөн эле адамдарды камап койсо карантин болуп калбайт да! Экинчиден, көп адамдар бейкапар жатат. Эл ойгонуш керек. Биз кичине эле калкпыз, өзүбүздү өзүбүз аябай сакташыбыз керек. Баарыбыз чыйралып, жыйналып, карантиндин эрежелерин бузбай сакташыбыз зарыл. Мурдагы акыбалыбыздай эле жүрө берсек, албетте, коркунучтуу. Биздин өлкө абдан эле алсыз. Коронавирус дартынын режими “өзүң жуктурдуңбу, эми башкага жуктур” сыяктанат. Акыркы жүз жылдан бери катталбаган вирус айланабызда. Ошондуктан кайдыгер болбой, ар бирибиз чыйралалы, жыйналалы демекчимин.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити