Күйөөгө жарыбадым, кайрадан чет жерге кетүүгө аргасыздык жаралды


Мектепте окуп жүргөндө классташ балам менен сүйлөшүп жүрчүмүн. Класстагы жакшы окуган алдыңкы окуучу, активдүү, позитивдүү жана романтик эле мүнөзү. Анын ою боюнча 11-классты окуп бүтөрүбүз менен үйлөнөбүз дечү. Үйдүн жалгыз уулу эле. Бирок, менин апам каршылык көрсөткөн. “Жашсыңар, каяктагы ойго келбеген нерсени божурабай, окууга тапшыр. Окууңду бүтүп иштейсиң. Бизге жардам бер, үй-жайды оңдойлу. Үйдүн улуу кызы болгон соң акылдуурак болушуң керек” деп менин тун махабатыма чекит коюп салган.
Ошентип, студенттик күндөрүм башталды. Баягы классташ бала артымдан чуркап жүрдү колумду сурап, мен аны менен сүйлөшүүдөн качып атып, ал акыры башка кызга үйлөнүп алды. Бир жолу ашканада группалаштарым менен чай ичип отуруп, бир жигит менен таанышып калдык. Менин көңүлүмө жагып, аны менен сүйлөшүп баштадым.
Арадан эки айдай өткөн соң ага турмушка чыктым. Чоң кайненем, кайнатам, кайненем, анан күйөөм экөөбүз болуп беш адам жашайбыз бир үйдө. Карыган чоң апа төшөктө жаткандыктан аны киринтип, тамагын берип, тазалап багыш менин мойнума жүктөлгөн. Кайненем менен кайнатам мамлекеттик жумушта иштегендиктен, эртең менен жумушуна кетишип, кечинде келишет. Күйөөм машинасы менен таксовать эткени анда-санда чыкканы болбосо, көбүнчө короодогу малды карап үйдө.
Ушундай жашоо уланып атты, кайталанган күндөр, окшош окуялар. Эки кыздуу болдук. Күйөөмдүн жөн эле бир себептер менен мага колу тийген учурларын ата-энемден жашырып жүрдүм. Эгер арыздана турган болсом, апам адаттагысындай урушары белгилүү. “Сени бирөө эрге тийгизбиби? Окууңду эмне таштадың?! Эми сооп болот!” деп айтарын билем, ушинтип беттен аларын сезип эле турам.
Акыры күйөөмдүн зомбулугуна чыдабай, кыздарымды алып төркүнүмө жөнөдүм. Үйгө кирип келерим менен атам маңдайымдан чыгып калып, жүзүмдөгү, колумдагы көгаланы байкап, зээни кейип, “кир үйгө, кызым...” деп бир жакка чыгып кетти. Апам болсо мени акшыя бир карап, “айткам сага, окууңду бүт, эр эч жакка качпайт, шашпа, эрте күйөөгө тийип мен жыргап кетипминби! Кандай эле элдин кыздары иштеп акча таап, ата-энесине, бир туугандарына жардам берип, бутуна туруп, анан чекесинен чертип жакшынакай, табышкер жигитке турмушка чыгышат, билбейм? Акылы барлар ошондой болот тура! А сен болсо, бир алкаш күйөөгө тийип алып, бетиңден, денеңден көгала кетпей, минтип эки кызды төрөп салып нервиме тийип келесиң! Чокуңа ажырашасыңбы? Күйөөң келсе кетесиң айтып коёюн!” деп мени жарга такап салды. Эч нерсе деп унчукпадым... Апам айткандай күйөөм ошол эле күнү келип, кечирим сурамыш этип алып кетти бизди. Көпкө узабай дагы уруш чыкты ортобузда. Дагы сабады. Бул жолкусунда атама телефон чалып ыйладым. “Алып кетиңизчи, ата! Мындан ары кордукка, зомбулукка чыдай албайм” деп.
Баарына чекит койдум ошондо. Ажырашып тындык. Мен чет элге мигрант болуп иштеп кеттим, эки кызымды ата-энеме калтырып. Депрессия, кайгыдан чыгуум керек эле... Бир жылдан кийин айылыма келдим, ата-энемди, кыздарымды сагынып. Күйөөм үйлөнүптүр, мени менен жашап жүргөндө ойношу бар эле, ошонусуна. Ал мендей назик эмес, далактаган бойдок келин болчу кыздары бар. Аяштарым “ушу менен жүрөт” дешкенинен ошонун айынан ызы-чуу болуп ажыраштык эле. Акыры жетиптир сүйгөнүнө... Ал эми окуучулук кездеги сүйлөшкөн классташ бала кычыраган машина тээп, мамлекеттик кызматта иштеген зыңкыйган жигит болуптур. Келинчегин, балдарын машинага салып кетип баратканын көрүп, жашоодо катуу жаңылыштык кетиргенимди, адашканымды ошондо сездим...
Мен айылга келгени эки жерден куда түшүп келип, колумду сурашты. Алар дагы биринчи аялдарынан ажырашкан, балалуу эркектер экен. Биринчи аялдарынын кадырына жете албаган эркектер экинчи жолу үйлөнгөндө эле менин баркыма жетип, кыздарыма "ата" болуп кетишмек беле? Кайрадан чет жерге иштегени сапар алдым. Бул жолкусунда ипотекага үй алганга иштеп, акча чогултайын деп кетип баратам...
Анара
"Азия Ньюс" гезити











