Акыркы кабарлар
» Коом » Өлүм качан азаят? Дагы он адам көз жумду
Өлүм качан азаят? Дагы он адам көз жумду
14-июль, 12:01
1 531 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 14-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19дан дагы он бейтап көз жумду. Алардын ичинен Бишкекте беш, Чүй менен Жалал-Абад облустарында экиден, Ошто бир киши каза болду.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери анын курмандыктары жалпысынан 2133 кишиге жетти.
Вирус соңку бир суткада дагы 1398 адамдан аныкталды. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 143 миң 668 адамга жетти. Андан 120 миң 731 бейтап айыкты.
Ушул күндөрү 4675 адам ооруканада жатат. Алардын ичинен 228 бейтаптын абалы өтө оор, 1358 адамдыкы орточо оор деп бааланууда. Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көп экенин айтып келет.