Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Беш маал намаз окуган жигит бактылуу кылам дейт, турмушка чыксамбы?
Беш маал намаз окуган жигит бактылуу кылам дейт, турмушка чыксамбы?
29-декабрь, 11:37
3 615 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Жашым жаңы эле 19га толду. Эч бир жигит менен сүйлөшүп көргөн эмесмин. Өзүм жогорку окуу жайлардын биринде бюджетте окуйм . Мурда курбуларым жигиттер менен сүйлөшүп жүрсө жаман көрчүмүн. Ошол себептенби, жигиттер менен сүйлөшүү жат көрүнүштөй туюлат.
Жакында жашоомо бир жигит пайда болуп, колумду сурап жатат. Ал менден сегиз жаш улуу экен. Беш убак намаз окуган, ичпеген, чекпеген астында машинасы бар жигит. “Окууңду окутам, эч кыйынчылык көрбөйсүң, эки дүйнө бактылуу кылам” дейт. Эмне кылсам болот? Турмушка чыксамбы же окуумду аяктап, сүйүп турмуш курсамбы? Негизи, “сүйүү никеден кийин” дейт го...
Айназик