Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Соке мааракелерде майкандап, бийликтин бетине чиркөө болууда

Соке мааракелерде майкандап, бийликтин бетине чиркөө болууда

21-сентябрь, 20:21
479 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Адилетсиздик. Сооронбай Жээнбеков улам бир тойдон көрүнүп, төрдө чалкалап отурат. Кыжыры келгендер арбыды. Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдыгында, Ахматбек Келдибеков уулун үйлөндүргөндө ж.б. Жакшылыктарда, той-топурда ага эч ким унчукпаса эле ойлоп атат окшойт, “а, мен сыйга татып калыптырмын да” деп. Тек, андай эмес! 2020-жылдагы төңкөрүштө Үмүтбекти атып өлтүрүшүп, ондогон балдар буту-колсуз калышып, канчасы көздөрүнөн ажырашкан? Мындай каргашанын башында канкор Кашкар Жунушалиев буйрук аткарып турганы анык. Ал да Бишкекте тайраңдап, виски ичип жүрөт. Соке болсо жума сайын тойлорго байма-бай каттап, өзүнчө каада күтүп, манчыркай баштады. Президенттик мөөнөтүнүн аягына чейин отурбай, кубаланып кеткени, мыйзамсыз экс-макамын “ырымга” алганы, айтор, ашмалтайы чыккан да. Пандемияда кырылган элдин убалы кимге? Ири коррупциялык элементтеричи? Кой-Таш, Октябрь окуяларында күч колдонуп, аттырып, канчалаган адамдарды майып кылып салганычы? Дээрлик кокого жеткен кылмыштары тез эле унутулабы? Ток этерине келсек, Соке бийликтин бетине чиркөө болуп, жазасын албай мааракелерде “майкандап” жүргөнү сөздү ырбатууда. Эл карап турат, ичинен кайнап... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер