Акыркы кабарлар
» Коом » Быйыл 4 дарыгер, 80ден ашык медик Кыргызстандан чыгып кетишти
Быйыл 4 дарыгер, 80ден ашык медик Кыргызстандан чыгып кетишти
25-июль, 11:43
749 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌2022-жылдын 6 айында элге 13 миң 655 дарыгер медициналык жардам көрсөттү. Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков маалымат жыйында кабарлады.
Ошондой эле орто медициналык билими бар 33 миң 510 адис медициналык жардам көрсөткөн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу медиктердин санында бираз өсүш бар экени айтылды.
Саламаттык сактоо уюмдарына 690 дарыгер жана 1718 орто медициналык билимдүү адистер келип иштей баштаган. Ошол эле учурда бул системадан 590 дарыгер, 1700дөн ашык орто билимдүү адистер чыгып кетти.
Анын ичинде төрт врач, 87 орто билимдүү медицина кызматкерлери Кыргызстандан чет жактарга чыгып кетишкен.