Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мавлян Аскарбеков: “Элдин жонунан кайыш тилген салык саясаты чоң жарылууга жеткириши ыктымал”

Мавлян Аскарбеков: “Элдин жонунан кайыш тилген салык саясаты чоң жарылууга жеткириши ыктымал”

31-июль, 11:17
423 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Акыркы убактагы туруксуз баа, салык саясатынын айынан карапайым калк каржалып калууда. Бул жагдай улана берсе, саясатта кандай абал күтүлүшү мүмкүн?

-- Өнүккөн өлкөлөрдөгү биринчи керектелүүчү товарлардын баасын салыштырсак, Кыргызстанда баалар бир топ кымбат экени ачык айкын көрүнүп турат. Андан тышкары, салык саясаты эл арасында чоң нааразычылыктарды жаратып жатканы жана жакын арада социалдык жарылууга алып келбейби (?) деген чочулоо да жок эмес. Себеби, кечээ менин кошунам, пенсия курагындагы абышка-кемпир өмүр бою жашаган үйүн сатыптыр. Ошол үйүн сатканы үчүн салык инспекциясынан келип билдирме таштап, “миллион сомдон ашык салык төлөйсүң” деген кагаз берип кетишкен. Азыр ошол кары адамдар эсине келе албай отурушат. Ушундай элдин терисин тескери сыйырган салык реформалары нааразычылык жарата берип, мүмкүн күз айларында жарылууга алып келиши ыктымал. 

Өкмөттүн биринчи милдети – бул элди сыгып казынаны толтуруу эмес, кичи-орто бизнестерге, негизи эле жарандарга оокат кылууга шарт түзүп берүү. Оокат кылганга мүмкүнчүлүк жасаганда гана эл тарабынан салыктын түрү көбөймөк. Бизде болсо биринчи эле салыктан башташты. Айып пулбу, каттоосубу, салыгы болобу, түркүн жол менен элди кыйнап, анан “салыктарды чогултуп, казынаны толтурдук” деген мактаныч аракеттерин көрүп жатабыз. Бул албетте, эл ичинде нааразылык гана жаратууда. Элге биринчи оокат кылууга шарт түзүп берүү зарыл. Дүйнөлүк практикада да ошондой. Өкмөт кандай түшүнүктөр менен аракет кылып жатканын мен дагы, эл дагы түшүнө албай турат. 

Мисалы, “автоунаа сатасыңбы, келинчегиң менен каттоо керек” деген жобо кирди. “Унааңды саттыңбы? Салык төлө! Үйүңдү саттыңбы? Салык төлө!” деген нормалар кирип, эл арасында чоң нааразылыктарды жаратууда. Буга чейин ККМ, счет-фактура ж.б.у.с. түшүнүксүз реформалар жүргөн. Эми кийинки этабына өтүп, элди кыйнашууда. Кечээ бир форма менен отчет тапшырсаң, бүгүн анысы кайра өзгөрөт. Ушунун баары элди кыйнаган, ойлонубаган аракеттер. Ошондуктан салык жаатындабы, экономика өңүтүндө болобу, өтө кылдат аракеттер керек. Шашма аракеттердин айынан жалпы элдин нааразычылыгын гана жаратышат. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер