Путиндин жансакчысы өз жанын кыйды


Путиндин жансакчысы Михаил Захаров өз жанын кыйды. Бул тууралуу Baza Telegram каналы билдирди.
Маалыматка караганда, Захаров кызмат өтөп жаткан учурунда өзүн өзү атып салган. Маркумдун кесиптештери өз өмүрүн кыюуга Федералдык коопсуздук кызматынын жетекчилигинин анын ишинин шарттарына болгон кайдыгер мамилеси, ошондой эле көптөгөн кошумча жумуш убактысы себеп болушу мүмкүн дешет (акыркы нөөмөттөрдүн биринде ал жумушта 15 сааттан ашык иштөөгө аргасыз болгон).
Маркумдун жубайына Захаровдун өлүмүнүн себептери жөнүндө маалымат берилген эмес, ошондой эле ал өзүнө өзү кол салган деп айткан эмес. Михаилдин жетекчилиги жубайы менен байланышып, окуянын чоо-жайын түшүндүрбөстөн, анын өлүмү жөнүндө гана айтып коюшкан. Туугандарынын айтымында, акыркы убактарда Захаров аялы менен жашаган эмес жана декабрь айында эки тараптын макулдугу менен ажырашышы керек болчу.











