Талапкер Тагаев УКМК төрагасы Ташиев менен Буркановго таянып атабы?


Бир мандаттуу Ленин шайлоо округунан Руслан Тагаев талапкерлигин койду. Мурда аталган районго аким болгон. Аткаруу кызматына аралаш ишкерликти да айкалыштырган шылуундугу бар. Учурда “Ишеним” партиясына, Арзыбек Буркановго таянып, ошого катар УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевден “добро” алганын айтып, манчыркай баштаганы кандай? Өкмөт мүчөлөрү шайлоого киришпейт да. Болбой эле Тагаев ооз көптүрө сүйлөп, эрдемсип алганы эмнеси? Лөктөрдүн атын сатып жүрөбү? Баса, бул эргул трайбализмге сугарылып, бөлүп-жарууга батына береби? “Төө-Ашуунун ары жагы...” деп кеп салса, жанына киши чыдап тура албайбы? Албетте, мындай алаңгазарлык, алешемдик жактары боюнча атайын органдар иштеши керек. Кылмышка шектүү кадамдары болсо, добуш сатып алууну кыйыр түрдө жасап атса, ачыкташсын да, туурабы? Катталгандан бери эле “базар” кыла баштаганы жөн жерден эмес. Добуш берүү күнүнө чейин дагы далай былыктары чыкса керек.
"Азия Ньюс" гезити











