Айгүл Айдарова, эркин депутат: “Он эки саат машина менен жол жүрүп, көнүп калгам”

-- Айгүл Абдисаламовна, айылга көп барасызбы?
-- Бат-бат эле барып турам. Айына эки-үч жолу барам. Жума күнү чыгып кетип, жекшемби күнү кайра келип калам.
-- Самолёт менен барасызбы?
-- Ар кандай. Ата-энем, үй-бүлөм менен барганда унаа аркылуу, өзүм жалгыз барсам самолёт менен барам.
-- Алыс жолдо унаадан кыйналбайсызбы?
-- Он эки саат машинада жол жүрүп, көнүп калгам. Туура, жол азабы – көр азабы. Ноокаттын жаман жолдорунан өткөндө өзгөчө кыйналып кетчүмүн. Азыр жакшы, жол оңдолуп, оңой өтүп калдык. Анан саатыбыз да кыскарды. Мурда беш-алты саатта жетчү жерге азыр төрт саатта жетип калдык.
-- Тажик-кыргыз чек арасынын чечилгени да жол азабын кыйла жеңилдетсе керек?
-- Албетте. Мурда Лейлекке барыш керек болсо, бир гана Рават жолу менен кетчүбүз да. Көп убакытты алчу. Азыр эми Кудай буюрса, Лейлекке үч жол болот: Миң-Булак–Самаркендек жолу ачылса, аралык кыйла кыскарып, батыраак жетебиз.
"Азия Ньюс" гезити