Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмазбек Токторов: “Саламаттык сактоо министри катастрофага алып баратат”

Алмазбек Токторов: “Саламаттык сактоо министри катастрофага алып баратат”

25-февраль, 19:38
2 024 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Алмазбек мырза, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев реформа жүргүзүүнү айтты. Ушу боюнча оюңузду уксак?

-- Кемчиликтер болуп атат. Жаңы министрдин “тарыхта калам” деген ою бар окшойт. “Буга чейинки болуп аткан иштер туура эмес. Түп-тамырынан бери өзгөртүп, мурунку союз мезгилиндеги системага апкелем” деди. Ооба, ою жакшы. Эгерде союздагы система иштей баштаса, аны ким жаман көрсүн? Бирок, ал кезде каржы маселеси эч кынтыксыз чечилип аткан да. Азыркы мамлекетибиздин абалын баарыбыз жакшы билебиз. Каржы жагынан каржалып, жакыр мамлекет болуп атсак, ошол системага түшүрүп койсок, катастрофага алып барарынан чочулап турам. 

-- Covid-19 илдети кайта элек кезде реформа кылуу кыйынчылык жаратса керек? 

-- Бул оор апаат экен. Биздин эле мамлекет эмес, бүткүл дүйнө жүзүнүн илимпоз медиктери баш катырып жатышат. Дале болсо бир жыйынтыкка келише элек. Анан ушундай учурда кайрадан реформа кылып, болгон каражаттарды ошол жакка буруп атканын туура эмес эле көрүп атам. Бир аз коё турса болмок. Кыргызда бир жакшы сөз бар, “Кеңешип кескен бармак оорубайт” деген. Министр ошол жолго түшпөй, “баарын мен билем, кыйынмын, керек болсо өтүгүмдү төргө илем” деген позицияда туруп атат. 

-- Министрди канчалык деңгээлде билесиз?

-- Өзү инсан катары, жаран катары жакшы киши. Экөөбүз отуруп сүйлөштүк, бирге чай ичтик. Алгылыктуу идеяларын ортого салып, айта отурду. Буга чейин таза, коррупцияга малынбаганын жактырдым. Бирок, системаны түп-тамырынан өзгөртүү үчүн кеңешиш керек. Акылдашканда да өзүнүн позициясын колдогон адамдар менен эмес, башкача көз караштагы адамдар менен баарлашып, пикирлерин угуп, таанышып, андан кийин жыйынтык чыгарганы оң болмок. 

-- Андай кылбай элеби?

-- Региондорго чыгыптыр, “элет жергесиндегилер менен кеңештим” дейт. Эми ал жерде “министр келди” дегенден кийин баары эле жапатырмак баш ийкеп отуруп беришти да, оюн айтышпай эле макул боло беришет. Министрге дагы бир суроо бердим: “Системаны оодарам деп атасыз, макулмун. А каражат болобу?” десем, “болот” деди. Кайсы каржы жөнүндө экени азырынча түшүнүксүз.  



Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер