Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бийликке карата жаралган нааразычылыктын түйүнү эмнеде?

Бийликке карата жаралган нааразычылыктын түйүнү эмнеде?

26-июнь, 23:15
728 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Күн санап коронавируска чалдыккан адамдардын да, ал дарттан каза болгондордун да саны күч алууда. Ким кайдан жуктурганын билбей, эми шаар аралаган жаман илдет бийлик бутактарындагы адамдардан ЖК депутаттарынан, белгилүү мекеме ишканалардын жетекчилеринен да аныктала баштады. “Мурунку эки ай карантинде отурганыбыз текке кетеби?” деп коронавирус күч алган сайын көпчүлүк элдин бийликке да нааразычылыгы күч алды. Ушул боюнча төмөндөгү инсандарыбызга собол узаттык.

Акбалык Жумалиева, жарандык активист:

-- Коронавируска каршы бийлик жакшы эле чараларды көрдү. Эл да карантиндин шартын сактап, акыркы күчүн, каражатын жумшап, чыдап отурушту. Эл карантинде отурсак, оору жок болуп кетет деп күтүшкөн. Анан дагы деле оорунун саны азайбай, тескерисинче, күчөп жатса, “карантинде бекер эле кармап отурган турбайбы деп, дагы карантинге жабылып калабызбы?” деген коркунуч да пайда болуп, “бийлик жеткиликтүү иш жасабады деп да нааразы болушууда. Бир жагынан элибиз финансыдан кыйнала баштады. Эми нааразылыктар күчөй берет. Экинчи жолу карантинге жабылса, эл көтөрө албайт. Жабылбаса, оору жайылып баратат. Эми башкача алгоритм менен иш алып барбаса болбойт. Бирок акыйкаттык үчүн айтып коюу керек, карантин өз жемишин берди. Оору биринчи эле башталганда өтө көп жайылып кетүүсүнүн алдын алды. Биз жок дегенде убакыттан уттук. Дарыгерлер бир топ тажрыйба алышыпдаяр болуп калышты. Бул жагын да эске алуу керек.

Калдарбек Абдраманов, башкы кардиохирург:

-- Коронавирус күч алганына бир эле бийлик күнөөлүү эмес да. Албетте, өкмөт жетекчилери, медицина жетекчилеринин ишинде кемчиликтер болду, болуп да жатат. Бирок, ушундай жагдай жаралышына эл өзүбүз да күнөөлүүбүз, аны моюнга алыш керек. Карантин бүтөрү менен өкмөт, министрлик талап кылган эрежелерди так сактай албадык. Коронавирус жок дегендер көбөйүп, элдин көпчүлүгү илгерки жашоо образына кайра кирип кетишти. Ошондуктан элдин нааразы болгондугунда да негиз бар. Бирок, калайык калк азыркы шартка туура баа берип, жеке жоопкерчиликти сезбесе, коронавирустун өтө кооптуу оору экенин туйбаса, акыбалды оңдоо кыйын болуп калат. Медицина, медиктер жардам бере албай калабызмедициналык коллапска дуушар болобуз!

Жакшылык Матанов, “Интеллект окуу борборунун жана Айыл-кэмп этнолагеринин негиздөөчүсү:

-- Коронавирус бүтүндөй дүйнөгө кулачын жайып жатканда, ошол кездеги КР саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев аябай чоң ката кылды. Эки ай карантин кылып, жыйынтык чыгара алышпадыЖөн эле экономиканы талкалады. Жыйынтык жок. Жоопкерчилик жок. Ошон үчүн элдин бийликке ишеними кетти го...

Аркарбек Мамытов, жарандык активист:

-- Бийликке болгон нааразычылыкка, менимче, коронавирустун тийешеси деле жок. Баягы эле бизде адатка айланып калган аткаруу бийлигинин көзгө көрүнөрлүк иш жасай албай атканы, сот бийлиги тарабынан акыйкатсыз чечимдердин чыгып жатышы, чек арадагы көйгөйлөр элдин нааразычылыгын күчөтүп атат. Муну менен катар Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттары да элдин кыжырын келтирип бүттү. Эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болуп, өкмөттүн ишин тескеп тургандын ордуна, кошоматчылык позицияга өтүп алышты. Көпчүлүгүн мамлекеттин абалы, эртеңки келечеги эмес, күздө өтө турган шайлоо кызыктырып, ошого гана аракет көрүп жатышат.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер