Бүбүсара Рыскулова: “Айымдарды камакка алууну жаңылыштык катары эсептейм”

“Сезим” кризистик борборунун жетекчиси менен маек.
-- Cаясый туткунга айланган айымдар тууралуу кандай ойдосуз? Бул жаңылыштыкпы?
-- Кемпир-Абаддын тарыхын тереңирээк биле бербейм. Бирок ооз ачкандын баарын жапырт камап койгону күйдүрөт. Булар качып деле кетпейт эле. Үй камагына чыгарып туруп, ачык сот кылса деле жарашмак. “Коркконго кош көрүнөт” болуп, ооз ачкандын баарын камай берсе акыры эмне болот? Мен камактагы айымдарды колдойм. Бул аялдарга бийлик тарабынан жасалган зомбулук эмей эмне? Ачык айтып жатам, туура эмес көрүшсө, мени деле жазалай беришсин. Мисалы, Асия Сасыкбаева 71 жашта экен. Дегеле айымдарды камакка алууну жаңылыштык катары эсептейм. Мен буга макул эмесмин. Бир депутаттын үйүндө ремонт жасап жүргөн, оорукчан баласы, карыган апасы бар Нурлан Асанбеков деген жарандын камалганын угуп таңгалдым. Соттордо ыйман болсо, баштарын иштетсе, үй камагына эле чыгарып, иштерин улантсын. Күчүн аялдардан чыгарган адамдар бар экени өкүнүчтүү.
"Азия Ньюс" гезити