Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмазбек Акматалиев, Философия илимдеринин кандидаты: “Кыргыз тилин жаңы, заманбап ыкмалар менен окутуу зарыл”

Алмазбек Акматалиев, Философия илимдеринин кандидаты: “Кыргыз тилин жаңы, заманбап ыкмалар менен окутуу зарыл”

07-июль, 20:17
286 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
-- Алмазбек мырза, акыркы учурда тил маселесине, анын өнүгүшүнө күйүп-бышып жүргөнүңдү байкайбыз. Тилди өнүктүрүү боюнча кандай сунушуң бар? Эң ириде эмнеден баштоо керек?
-- Сунуштарым көп. Аларды болушунча кыска жана нуска тизмектеп бергенге аракет кылайын. Бала бакчалар жана башталгыч мектептер тек гана кыргыз тилинде болушу зарыл. “5-класстан өйдө балаңды каалаган тилде окута бер” десек, коомдо кыргыз тилинин табигый көрөңгөсү, башаты, уюткусу пайда болот. 
Санарип дүйнөдө кыргызча видеолор, окуялар, шоу программалар ж.б.у.с. кеңири тараш керек. Дүйнөгө белгилүү мультфильмдердин баары кыргыз тилинде үнү коштолуп, жаңы мультфильм тартам деген амбициялык максаттар менен кошо “Диснейдин” ж.б.у.с. белгилүү мультфильмдер бүт кыргызчаланса майнап көбүрөөк болот эле. Өзгөчө балдар үчүн тил азыр Ютуб, мультфильмдер аркылуу тарап, өздөштүрүлүп атканын моюнга алалы. Балдар сүйлөбөгөн, жазбаган, колдонбогон кыргыз тилинде мамлекеттик кызматкерлер кантип сүйлөсүн? Дарыяны тазалаш үчүн булактын башынан башташ керек да.
-- Өкмөтчү?
-- Мына ошого келатам. Кыргыз тилинде Википедия өтө бай болушу шарт. Ар бир кыргыз адиси буга салым кошсок болот, эл кенен киришсе кыргыз тилинде Википедия бат эле өнүгүп кетет. Өкмөт буга тек гана шарт түзүшү керек.
Кыргыз тилинде балдар үчүн ырлар, оюндар, хор менен ырдалчу ырлар, куурчак театры коё турган спектаклдер, речевкалар өтө кенен жана сапаттуу болушу абзел. “Кыргыз тилинин тагдыры жана келечеги бала бакчада жана башталгыч мектепте чечилет” деген улуттук саясат керек. Ушуга байланыштуу финансы, адам ресурстары, китептер саясаты жүргөнү маанилүү.
-- Мамлекеттик кызматкерлер да тилди тийешелүү деңгээлде билүүсү керек го?
-- Мен да ошону айтайын деп атам. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүнүн эң негизги шарты – Кыргызтест системасы аркылуу мамлекеттик тилди өздөштүргөнүн тастыктаган сертификат болуш керек. Ал сертификаты жок бир да адам мамкызматка алынбаса дейт элем.
-- Мектеп, андан кийин ЖОЖдорго?..
-- Орто мектеп, ЖОЖдордо да мамлекеттик тил боюнча күчтүү талаптар коюлганы оң, бул процессте чарчап-чаалыгуунун кереги жок. Кыргыз тилчилерди даярдоо өзүнчө бир улуттук долбоор болушу зарыл. Бишкек шаарында бекер кыргыз тил курстарын ачууну өкмөт колго алып, ага каражат жетиштүү бөлүнүп жана максаттуу сарпталышы абзел. Кыргыз тилин окутуу жаңы, заманбап ыкмалар менен жүргүзүлүшү өтө маанилүү.
Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ, "Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер