Чыңгыз Капаров: “Жаңы Башмыйзам чийки, кудуретсиз документ болуп калды”

-- Өлкөбүздүн тарыхынан алсак, мурда президенттик, парламенттик башкаруулар кандай жемишин көрсөткөн эле? Бүгүнчү?
-- Кыргызстандан акыбалы өтө оор болгон өлкөлөрдө да, эгерде жетекчиликке көсөм лидер келип, мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүп, же күчтөндүрүп, өлкөнү өнүгүү жолуна салса болорун тарых тастыктап турат.
Эске салсак, 1990-91-жылдары Кыргыз СССРиндеги бийлик коммунисттик партиянын колунда болгон. Бирок, 1991-жылы август айындагы ГКЧП окуясынан соң компартиянын бийлиги токтотулуп, негизги бийлик «легендарлуу парламентке», анын жергиликтүү органдары – облрайсоветтерге өткөн. Ал эми 1993-жылы 5-майда кабыл алынган алгачкы Башмыйзамга ылайык, өлкөдө кош бийлик орнотулган. Андан соң 1994-жылы январь айында жалпы элдик референдум өткөрүлүп, өлкөгө президенттик башкаруу киргизилген.
Мезгил көрсөткөндөй, президенттик башкаруу кыска аралыкта, эгер туура иш жүргүзүлсө, зарыл натыйжа бере алат.
2010-жылы кабыл алынган Башмыйзамда парламентаризмдин жыты да болгон эмес. Аныгында, дүйнө тарыхында биринчи ирет анархиялык башкаруу системасы киргизилген. Анархия идеясы өткөн кылымдын башында Россияда жаралган. Анархисттер «мамлекеттик күчтүү башкаруу зыяндуу, бийлик ар түркүн партияларга, уюм, топторго чачырашы зарыл» деп эсептешкен. Алардын урааны «анархия – мать порядка!» болгон. Ошентип, Кыргызстан 2010-20-жылдары мамлекеттик анархиялык башкаруу системасында жашап, иштеп, өлкөдө башаламан, чакчелекей заман өкүм сүрдү. Саясый коррупция эбегейсиз гүлдөдү. Бир депутаттык орун 300 миңден 1 миллион долларга чейин сатылып калды. Мындай аты «парламенттик», заты «анархиялык» мамлекеттик башкаруу системасынан кыргыз элинин көңүлү үч көчкөн журттай калды.
Жакшы жагын алсак, он жыл өкүм сүргөн анархиялык башкарууга чекит коюлду. Экинчи жагын алсак, жаңы Башмыйзам дагы чийки, кудуретсиз документ болуп калды. Аны даярдаган кеңешме мүчөлөрү бир адамдын жеке түшүнүктөрүн гана мыйзамдаштырып беришти.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити