Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сүйүнбек Касмамбетовдун артынан шыбаган Азамат Кадыралиевдин акылы жайында эмеспи?

Сүйүнбек Касмамбетовдун артынан шыбаган Азамат Кадыралиевдин акылы жайында эмеспи?

25-октябрь, 22:14
1 102 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президенттин резиденциясында Азамат Кадыралиев аттуу чочоңдогон чиновник бар. “Азия Ньюс” гезитинин өткөн сандарында ал боюнча сын-пикир чыккан. Себеби бар. Биздин ошол жактагы ишенимдүү булак билдиргендей, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовго бериле турган 3-кабаттагы чоң кабинетти Азамат Кадыралиев талашап-сүрүшүп жүрүп алып алган. “Кой деген кожо” жогу ушулбу? Мамкатчыга 1-кабаттагы улагадан орун берилгени уят да. Акүйдө нарк тебеленип атса, башкаларга кантип үлгү жаратышат? Ошентип, кабинет чыры боюнча маалымат жарык көргөндөн кийин Азамат Кадыралиев: “Чал өзү гезитке жаздырыптыр...” деп оозго алгыс сөздөр менен шыбаса, логикага сыябы? Чындыгында Сүйүнбек Касмамбетов табиятынан башкача адам, ал ызы-чуудан, интригадан алыс. Түз жүрөт. Нарк билгени жогорку деңгээлде бааланып келатпайбы! Ал эми Азаматтын жайына келсек, башын ак басып, элүүгө жетпей эле накта чалдын сыны кирип, кунары кетип калганын кантебиз? “Крышасына” таянып алып, качанкыга чейин кутурат болду экен? Убактылуу булуттун үстүндө калкып жүрөт, бир күнү жерге түшсө, өз баасын алат дечи. Негизи “Азия Ньюска” келген маалыматтар ачыкталбайт, бирок ошентсе да “ак башты” өздөрүнүн достору эле “жайлаганын” эскертип коймокчубуз!  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер