Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акылбек Жапаров: “Кыргызстан өзүн тогуз азык менен камсыздоосу зарыл”

Акылбек Жапаров: “Кыргызстан өзүн тогуз азык менен камсыздоосу зарыл”

23-март, 12:01
747 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров атамекендик кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, айыл чарба тармагына мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана антикризистик чараларды иштеп чыгуу жаатындагы маселелер талкууланганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Жапаров өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун 9 кластер боюнча, анын ичинде эт продукциясы (бодо мал жана кой-эчки, канаттуулар, балык), сүт продукциясы, ун, кант, өсүмдүк майы, жашылча-жемиштер менен камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

“Биз жеңилдетилген кредиттерди берүү жана каржылоо, лизинг аркылуу кластерлерди өнүктүрүү жолу менен агроөнөржай комплексине зарыл колдоо көрсөтүүгө умтулуп жатабыз. Мамлекеттик банктар, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду, "Кепилдик фонд" ачык акционердик коому өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү жана өлкөнүн тамак-аш азыктарынын негизги түрлөрүнө болгон муктаждыктарын камсыздоо максатында тийиштүү каржылоону сунуштайт. Мен жума сайын азык-түлүк коопсуздугу маселелерин чечүү иретинде жумушчу жолугушууларды өткөрүүгө даярмын” деди Жапаров.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер