Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Артур Медетбеков, генерал: “Кызматтан кеткен муфтий эле эмес, мурункулары да жакшы иштей алышпады”

Артур Медетбеков, генерал: “Кызматтан кеткен муфтий эле эмес, мурункулары да жакшы иштей алышпады”

05-февраль, 19:30
470 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Артур мырза, муфтий Замир Ракиев өз каалоосу менен кызматтан кеткени чоң талкууга жем таштады. Бири дин чөйрөсүнө тартип орното албаганын айтса, экинчи тарабы ажылыкты кымбаттатканын, бекер келген квотолардын сатылышына жол бергени боюнча айыптап жатышат. Сиздин көз карашыңызда муфтийдин негизги функциясы кандай?

-- Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин дин мамлекеттин ишине кийлигишпей өзүнчө болуп, бирок мамлекеттин баардык мыйзамдарын сактай турган чоң таасирдүү уюм болуп калды. Ошон үчүнбү, Кыргызстандагы муфтиятты башкарган муфтийлер өзгөчө баркка жетишип, саясый процесстерге кээ бирлери ачык катышса, айрымдары тымызын аралашкан учурларды эске алалы. Баарынан кызыгы, Кыргызстандагы президенттер кандай алмашса, муфтийлер дагы ошондой алмашып жатышты. Алардан коррупциялык системаларга аралашкандар чыгышты, кээ бирлери саясатчылардын оюнчугуна айланышты. Айрымдары ыплас иштерге барышканы үчүн кызматтарынан кетишти. Кыскасы, ислам динин жамынышып, ар кандай туура эмес иштерге аралашкан, экстремисттик, террористтик топторго кошулушуп, согуш чыгып жаткан өлкөлөргө кетишкен жаштарды муфтийлер токтото алышкан жок. Ошондой эле “өзүнчө террордук акция өткөрөбүз” деген жаштардын да жүрөгүн ойготкон таасирдүү иш аракеттерди жасай алышкан жок. Кызматтан кеткен муфтий эле эмес, мурункулары да дээрлик жакшы иштей алышпады.

 Чынында муфтийлик – чоң кызмат. Тагыраагы, алар саясый процесстерге, Кыргызстандын коопсуздугуна, стабилдүүлүгүнө өз салымын кошушу керек. Ошон үчүн муфтий өзүнүн чөйрөсүндөгү маселелер менен эле чектелбестен, мамлекеттин бүтүндүгүнө, эл арасындагы ынтымакты бекемдөөгө салым кошуп, жаштарды туура жолго сала турган иштер менен алек болушу зарыл. 

Мына ушундай жагдайдын баарын анализдей турган болсок, Замир Ракиевдин муфтийлик кызматтан өз каалоосу менен кетип, уламалар кеңешинин катардагы мүчөсү болуп калганы да көп божомолду жаратты. Айрымдар ишине баа берсе, кээ бирөөлөр таасирдүү күчтөрдүн айтканына көнүп, кызматын өткөргөнүн айтышууда. Ошондой эле айрым адамдар ажылыкка берилген бекер квоталардын сатылышына жол берди деген да дооматтарды коюшууда. Мына ушундай суроолордун баарына Замир Ракиев өзү жооп берип койсо, мүмкүн чын-жалганды койгулаштырган карама-каршы пикирлер айтылбай калат эле. Ал келечекте өзүнчө саясый процесске лоялдуу көз карашы бар бийлик менен жаңы форматта иштеше турган муфтийдин келишине жол ачып берүүнү ойлогондур.

-Айрым адамдар молдолор жесе, башкаларга болбойбу? Мыйзам баарына бирдей да, муфтий, кызматтан кеткен казылар дагы жоопко тартылыш керек деген ойлорду айтышууда. Бул маселе боюнча кандай пикирдесиз?

-Биздин мамлекетте дин өтө аяр мамиле жасалган тармак. Муфтият боюнча талаштуу маселелер толугу менен текшерилип, аныкталган маалыматтар айтылышы керек. Анүчүн оозеки доомат койбой, арыз жазуу парз. Укук коргоо органдары ошонун негизинде иликтеп, аныгына чыгат. Арыз жазбай туруп, күнөөлүү же күнөөсүз экенин билбей туруп, оозеки эле айыптап, адамды каралай берген туура эмес болуп калат.  

 "Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер