Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Сөздүн баары ичинде”

“Сөздүн баары ичинде”

17-ноябрь, 21:45
604 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Аида Эгембердиеванын китебине пикир)

Китептин ичин карап чыгалы. Мына макала – “Аялдан гений чыкпайт”. Кыздар поэзиясы жөнүндө айтып атат. Маселе коюлду, анан полемика аркылуу жооп изделет. Мындай ыкманы “метод Сократа” деп коюшат. “Акын кыздар Чүйдөн, Талас, Көл, Ош жана Нарындан чыгат” дейт. Жалал-Абад менен Баткенден, оказывается, “чыкпайт экен” деди. Андан кийин Аида акын белгилүү обончунун сөзүн цитата кылып келтирди – “кыргыздын ырлары айылда төрөлүп, шаарда өлөт”. 

Бишкекке келгенде эле ырлар “сразу” өлүп калабы? Анан “баарыбыз тоону ырдайбыз, айылды ырдайбыз, кайгылуу балалыкты ырдайбыз” деген тыянак чыгарды. Анда мындай саптар эмнеге жаралды? Мына, “вальс, вальс, вальс, мойнума кар саласың”; “күндүн нурун кирпигиңе тагып алганда”, же дагы кыргыз акын орусча минтип жазыптыр: “чтоб узнать, как ребриста звезда, я достану тебе из колодца” (“жылдыздын кырын билиш үчүн, аны сага кудуктан сууруп берем”). Дагы бир белгилүү эле акын мындай сапты жаратты – “сол буту эрежеден сыгып турчу” (классик болгон акынга арнаган ыр). Бул жерде тоо жок, айыл жок, кайгылуу балалык да жок. Бул жерде накта поэзия бар. Ушундай маселени талдаган акын кызыбыз Аида уникалдуу инсан. Дагы бир орчунду мисалды келтирем, биз үчүн өтө маанилүү ыр саптар: 

Кайран эл, кайран кыргыз,

Ишенип бал сөзүңө,

Шайлаган сени башчы кылып,

Өз шоруна!”.

Мындай ырды менин досум Эсенбай Нурушев “мекенчил поэзия” деп баалаган. Точно так, это “патриотическая лирика”. Бул “саясаттын лирикасы”. Же “саясый драмабы”, анткени, “кыймыл менен конфликт” бар – эл, шайлоо, ишеним, шайланган башчы, элдин шору. Анан мунун артында “революция”. Иши кылып, “движение” бар – кадам менен натыйжа. Ырдын автору кыргыз эл акыны Меңди Мамазаирова. 

Бизде акындар илимпозго айланып, докторлук эмгекти (диссертацияны) жактабайт. Бул жагынан болгону эле эки киши – бирөө Калбүбү Сариева (акын жана философия илимдеринин доктору), экинчиси Аида Эгембердиева (акын жана филология илимдеринин доктору). Же ырды жаз, же илимпоз бол. Или-или. Эки чылбырды кармаба. Аида кармады. Ыр жыйнактары да мыкты, илимий иштери да сапаты менен чыгып атат.

Анан жанагы “гений” деген меселени бул акыры чечти. “Аялдан гений чыгат экен” деп кийин жыйынтык кылды. Ким “гений” экенин ушул китептин 277-бетин окугула. Бул жерде мындай ыр сарптарды келтирди:

Учкан куштун баары шумкар эместей

Ырдын баары ыр болалбас чыныгы”.

Ооба, чын эле “болбойт”, себеби “шык” деген нерсе керек (орусча муну “слух” деп коёт, жөнөкөй “слух” эмес, “музыкальный слух” деген мааниде) – “музыкага шык”, “көркөм сөзгө шык”. Так ушундай. 

Китептин аягында “Адабиятта отставка деген жок” деген аталыш менен макала жызылды. Мындай сөздөрдүн автору кыргыз эл акыны Бактыгүл Чотурова. Ооба, таамай айтылган сүйлөм. “Адабият” бул чиновниктердин жыл сайын алмашкандай “кесип” эмес, бул атамзамандан келе жаткан “өнөр”, бул адамзаттын түбөлүк тармагы. Анан ушул “тармакты” ким “отставкага” кетирет – “кесипти” кесип салса болот, ал эми “тил кесмей жок” да. 

Шыктуу инсандардын “илхому” менен чыккан сөз жөнөкөй эле болот, тилден бул кантип чыкканын Пушкин эки эле сап менен түшүндүргөн:

И сердце просится к перу, перо к бумаге,

Минута – и стихи свободно потекут”.

Жүрөк калемге умтулат, калем кагазга шашат,

Анан бир заматта ыр саптары жаралат”.

Аида чоң журналисттин кызы, атасы Эгембердиев Абдыжапар Ысык-Көл облусунун расмий гезитинде жана борбордогу “Мугалимдер гезитинде” башкы редактор болуп иштеген. Аиданын жолдошу Таланталы Бакчиев – абдан таланттуу манасчы. Омор Султанов бул сөздү минтип айтчу, “талантливый” деп (“ударение” ставится на букву “и”). 

Эми филологиянын доктору, акын, “маданиятка эмгек сиңирген ишмер” Аида Эгембердиевага арнап, айта турган бир сөзүбүз бар. Аида Абдыжапаровнавы очень “талантливая” дама (бул жерде “басым” - “и” деген тыбышка коюлду). Ийгиликтерди каалайбыз!


Кубан Мамбеталиев, профессор  

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер