Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күйөөмө “кетпечи” деп жалдырап ыйлагым келип турат

Күйөөмө “кетпечи” деп жалдырап ыйлагым келип турат

08-март, 09:00
1 090 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Азыр аябай бук болуп, айламды таппай турган кезим. Бөлүшө турган адамым жок. Жолдошум экөөбүз эки жолго түшкөнү турабыз. Ортодо эки балабыз бар. Москвада квартирада турабыз. Мен үйдө балдар менен. Жолдошум чыгып кетем деп кийимдерин чогултуп койгон. Чыдабай, акыры сен кала бер, биз кетебиз дедим. Чынында кетпечи деп жалдырап ыйлагым келип турса да намыс деген нерсе гана кармап турат. Мени урат, сөгөт, адам катары көрбөйт. Сегиз жыл аралыгында өтө көп кордук көрсөттү. Бирок, эмнегедир көңүлүм калбай жатат. Ушунчалык да басына беремби” деп бир чети намыстанам. Аябай кыйналып турам. Эмнеге эркектер ташбоор болушат? Сегиз жыл ичи жамандык менен кошо жакшылыктар да болуп атты, бир туугандай эле болуп калдык. Эки баланын ата-энесибиз... Ушунун баары эч нерсеге татыбай кантип басып кете беришет? Кандай кадамга барсам?


Чолпон 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер