Акыркы кабарлар
» Саясат » Парламентте Кумтөргө байланыштуу комиссия түзүү сунушу көтөрүлдү
Парламентте Кумтөргө байланыштуу комиссия түзүү сунушу көтөрүлдү
28-сентябрь, 11:27

Жогорку Кеңештин 28-сентябрдагы жыйынында "Ата-Журт-Кыргызстан" фракциясынын төрагасы, депутат Нурлан Шакиев Кумтөрдөн алтынын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады."Кумтөрдүн алтыны коомчулукта кызуу талкуу жаратып келди. Буга байланыштуу Министрлер кабинети дагы түшүндүрмө беребиз, алтындын граммына чейин айтабыз деди эле. Коомчулукта алтындын сатылышы, жалпы өндүрүлүшү, биздин өлкөнүн энчисине өткөндөн берки иш-аракеттери боюнча кызыгуу көп. Мен мындан улам депутаттык комиссия түзүүнү сунуш кылат элем. Ага фракция лидерлери жана ар бир фракциядан бирден депутат кирсин. Бизге көп кайрылуу, каттар бар. Маселени көз жаздымда калтырбай комиссия түзүшүбүз керек",-деди Шакиев.
Ал бул маселени 28-сентбярдагы жыйындын күн тартибине киргизүүнү сунуштады жана азырынча добуш берүү боло элек.
"Центерра Голд" компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Кийин "Центерра Голд" компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөр Голд Компани" ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган.
2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингине берилген. Ошол эле кезде Бөлтүрүк бул холдингдин жетекчиси бойдон калган. Башкы прокуратура 13-сентябрда Бөлтүрүк "Кумтөрдөгү" коррупцияга байланыштуу камалганын билдирген.











