Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жолдошбек Султанбеков: “Элдин психологиясы өзгөрүп, маңкуртизмге жол ачылды”

Жолдошбек Султанбеков: “Элдин психологиясы өзгөрүп, маңкуртизмге жол ачылды”

22-июль, 12:00
364 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Философия жана аюрвед илиминин доктору менен маек.

-- Бүгүнкү жашообузга кандай баа бересиз? Ошондой эле келечекке карай да оюңузду уксак?

-- Совет өкмөтү кулагандан кийин эл абдырап, эркектер жумушсуз калып, аялдар белин бек бууп үй-бүлөнү багыш үчүн базарга чыгып кетишти. Аялдар акча таап, эркектер көз каранды абалга өтө башташты. Ошентип аял менен эркектин ортосунда ажырым пайда болду. Коомдогу баалуулуктар бузулуп, "заманаң бөрү болсо бөрү, түлкү болсо түлкү бол" деген икая келди. Жетимиш жыл каада-салтынан ажыраган эл 30 жыл ичинде кайра жарала алган жок. Муну сезген душмандар ар тараптан чабуул коюп, диний догмаларды киргизе башташты. Ошентип эл бөлүнүп-жарылып, үй-бүлөлүк очок бузулуп, ажырашуулар көбөйдү. Мындайча айтканда, кыргыз жеринде калктын жарымынан азы ажырашты деген сөз. Эгерде мамлекет үй-бүлөдөн түзүлсө, өлкөбүздүн фундаменти өтө начар экендигин билдирет. Элдин ынтымагы ыдырап, көз караштары бирикпей, максатсыз турмуш башталды, же болбосо коомдогу эң коркунучтуу күчтөргө айланды. Демек, ушунун баары, элдин психологиясына таасир берип, маңкуртизмге жол ачылды. Учурда мекенчил жаштар абдан аз санда. 50 жыл мурун туулгандар аз да болсо элибиздин каада-салттарын сакташат. Ошентип кайра жаралуунун очоктору пайда болуп, кандайдыр бир деңгээлде калың журтка өз таасирин тийгизүүдө. Кыргыз эли аздап болсо да өзөгүнө кайтып, баалуулуктарын жарата баштады. 

-- Жашоо ак-кара бөлүктөн турат. Азыраак кубаныч, кайра кайгы, убайым, кырсык, согуш, өлүм... Тирүүлүктө кырсыкты, кайгыны кантип азайтса болот?

-- Бул жашоого адам баласы төрөлгөндө сүйүүгө балкып, бактылуу жашоо үчүн келет. Анан чөйрөсүнө жараша кур элеске батып, адашууга дуушар болот. Адамзат алгачкы чындык жолунан, өзөгүнөн тайыгандыктан, айбан жашоодо жашап, айбан кылбаган жамандыктарды жасап, табигат мыйзамын бузуп, тагдырын оорлотуп, миңдеген кылымдар азап чегип келет. Илгери адам баласы табият менен жуурулушуп, тең салмакты сактап, бакубат жашап келген. Өмүрү чексиз узун эле. Оору, кырсык дегенди билишчү эмес. Күндөрдүн бир күндөрүндө ою бузулуп, ниетинен кетип, пейили бузулду. Айбандарды өлтүрүп, этин жей башташты. Киши айбанга айланды, акыры бирин-бири өлтүргөнгө барышты. Бара-бара дүйнөлүк масштабдагы улуу согуштарга айланды. Кудайдын каарына калып, адамдардын 70%ы кырылууга учураса да, пейили онолбоду. Андан бери миңдеген кылымдар өтсө дагы, адамзаты оңолууга баш коё элек. 

Эми минтип бул этап аяктап, алтын доордун, кайра жаралуунун босогосунда турабыз. Демек, "эркек оңолсо аял оңолот, аял оңолсо табият оңолот, табият оңолсо аалам оңолот" деген макал туура.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер