Атамбаевге караганда, Отунбаева менен Сокенин күнөөсү баштан аштыбы?


Коррупция менен мафиянын уюгуна айланган эски бийлик жеп-жуткандарынын жүздөн бир бөлүгүн “кусуп” берип, кутулуп кетишти. Ошондой эле көп сандаган укук бузууларга барган Убактылуу өкмөт мүчөлөрү суракка чакырылышты, бирок жаңы бийликти тоготуп да коюшкан жок. Өздөрүн жогору сезип алган немелер “бизди жоопко тарткыдай силер өзүңөр кимсиңер?” дешип, каяша айтып тим болушту. Бирок Убактылуу өкмөттүн укмуштуу жоруктарын экс-президент Алмазбек Атамбаев төкпөй-чачпай эл алдында санап бергенде, кирерге жер таппай калган Роза Отунбаева эл алдында уят болуп, борбордук аянттан качып жөнөгөн. “Өлүгүңдү гана көрөйүн, сени элеби, шашпа!” деп кекенип калган Отунбаева ээрчиме Соке менен союз түзүп, экс-президент Алмазбек Атамбаевден өч алышты. Камап тынышкан... Бул үч адамдын саясый позициялары үч башка болуп, бири-бирине карама-каршылыктар күчөгөн.
АКШ баш болгон капиталисттердин идеологиялык согушу узак жылдарга созулуп, аягында СССР таркатылып, Кыргызстан талкаланды. Роза Отунбаева болсо чет элдик катындар менен дос болуп, Х.Клинтон, А.Меркель эмне айтса ашыгы менен аткарып, алар менен түшкөн сүрөттөрүн гезитке чыгарып, мактанып жүрө берди. Роза Отунбаеваны “куурчак” катары пайдаланган капиталисттер парламенттик башкаруу системасын орнотушуп, мурдагыдан да оор абалга алып келишти. Бирок президент Алмазбек Атамбаевдин келиши менен абал турукташып, өлкөдөгү башаламандыктар иретке келтирилди. Өзүн-өзү билип, чээнден чыгып кеткен парламент көзөмөлгө алынып, көөп кеткен депутаттар жазага тартылышты. Атамбаев Россия президенти В.Путин менен достук мамиледе болуп, АКШнын алдамчы саясатынан баш тартты. АКШнын согуштук авиабазасын өлкөбүздөн айдап чыгып, Кыргызстан көз каранды эмес мамлекет экенин көрсөттү. Кыргызстанды алты жыл башкарып, мамлекеттин калыптанышына шарт түзгөн А.Атамбаев эл-жер үчүн көп иштерди аткарды. Анын кылган иштеринин жүздөн бир бөлүгүн аткара албаган маданиятсыз наадандар андан өч алышты. АКШнын саясатын жүргүзгөн Отунбаева кыргыздын улуттук идеологиясын талкаласа, Сокеси үй-бүлөлүк кландык режимди орнотуп, коррупция менен мафияны гүлдөттү.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 20 жылдык жакшылыгын билбеген Соке куйтуланып, жаңы төбөлдөрдүн колтугунда. Бийликке бут тоскон көмүскөлөр турганда, чындык, адилеттүүлүк, өсүп-өнүгүү жөнүндө кеп кылуунун деле кажети жок. Мисалы, түрмөдө отурган А.Атамбаевдин күнөөсүнө караганда, Р.Отунбаева менен С.Жээнбековдун жүз эсе көп тескери кылыктары бар. Көпчүлүк калкыбыз таразалап коюшту. Украинадагы фашисттер менен Россиянын согушунда калыс позицияда турган кыргыз президенти Садыр Жапаров адилеттүүлүгүн көрсөтсө, экс-президент А.Атамбаев түрмөдөн чыгарылып, анын ордуна эскилер отурушу керек. Алардын жазага тартылышын кыргыз эли бир жылдан бери талап кылып келатат.
Биз, кыргыздар чындыкты, калыстыкты туу туткан элбиз. Анткени ата-бабаларыбыз ошондой болгон. Кытмыр, куу, наадандыктан Кудай сактасын. Ачык айтып, ак сүйлөгөн Алмазбек Атамбаев биринчиден, коррупция менен мафиянын башында туруп, айдалып чыккан Сооронбай Жээнбековдун “заказы” менен, экинчиден, Кыргызстанды кыйроого алып келген Роза Отунбаеванын “кыялы” менен түрмөдө отурганына баарыбыз нааразыбыз...
Зарлык Дыйканбаев
"Азия Ньюс" гезити











