Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нуралы Айдаров: “Бүгүнкү күндө 90 миңге жакын медицина кызматкерлеринин жашоосу өтө татаал”

Нуралы Айдаров: “Бүгүнкү күндө 90 миңге жакын медицина кызматкерлеринин жашоосу өтө татаал”

23-апрель, 19:46
3 935 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Медицина тармагында көйгөйлөр өтө көп. Мышык ыйларлык абалда десек болот. Жакынкы күндөрү медицина кызматкерлери айласыз көтөрүлүп чыгууга да барышты...

-- Ооба, Чүй, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл облустарынан, жакынкы региондордон жалаң медицина кызматкерлери келип катышышты. Алардын башкы көйгөйү – айлык маянанын аздыгы.

Айлык маяна өзүңүздөр билгендей, медицина кызматкерлеринин колуна тийген акчасы 4 миң сомдон башталат. Орто медицина кызматкерлеринин айлыгы 5 миң, жогорку медицина кызматкерлеринин маянасы 6-7 миң сомдон башталат. Ошол айлык маянанын жетишсиздигинен нааразычылык арбыды. Бул 4-5 миң сомго жашаш негизи эле өтө татаал. Мага көптөрү айлык акыларынын квитанцияларын көтөрүп келишиптир. 4 миң сомдон башталып, 12-17 миңге чейин чыгат экен. Орточо айлык акы 7-8 миң сомду түзөт. 

Кыргызстан боюнча жүз миңдей медицина кызматкери бар. Алар ар түрдүү адистикке бөлүнөт. Мисалы, тиш доктурлар, гинекологдор, хирургдар ж.б. Аларда кошумча акча тапканга мүмкүнчүлүктөр бар: жеке клиникалары болот же башка жагдайлары бар. Ал дарыгерлердин курсагы ток. Бирок алар жалпы дарыгерлердин 10%ын эле түзөт. Калган 90 миңге жакын медицина кызматкерлеринин жашоосу өтө татаал. Мисалы, ипотекага үй алайын десе, алган маянасы жашоо тиричилигинен ашпайт. Буларга ипотека эмес кредит да бербейт. Ошон үчүн биз ооруканага барганда ар кандай көйгөйлөрдү көрүп калабыз. Алардын агрессиясы күнүмдүк турмушка түздөн-түз тийешеси бар. Анан ушундай агрессивдүү болгон жерде тыйын берип, банан, шоколад сала келип көңүлүн тапмай адатка айланып кеткен. 

-- Дал ошол медицина кызматкерлеринин айлык акысы 100% көтөрүлгөнүн президент жарыялады го?..

-- Орто жерден эле президент чыга калып “мен силердин айлыгыңарды 100% көтөрдүм” деп айтып салды. Ал жерде алардын “кошумча индикатор” деген кошумча маянасы бар эле. Ал айрыкча үй-бүлөлүк дарыгерлерге тийешелүү. 

Көп бейтаптарды кабыл алган учурда индикатордун эсебинен 7-10 миңге чейин акча кошулчу. Эми алардын негизги оклады 5 миң болсо, индикатордун эсебинен 10-12 миң колуна тийген айлык болчу. Профсоюз, соцфонд ж.б.ларга кармаган   акчалардан соң 12 миң колдоруна тийчү. 

Азыр болсо индикаторду алып салды. Ордуна 100%ды коштум деди. Бирок индикатор алынып калды. Мындайча айтканда, кызылды “көк” деп эле башка кийгизгендей болду. Ошон үчүн нааразычылык күч алды. Медиктердин дагы бир нааразычылыгы: “Эмнеге жогорку билимдүүлөргө 100% кошулуп, аз айлык алгандарга 50% эле кошулуп жатат? Бул эмне деген акыйкатсыздык?! Биз жумуштун көбүн жасайбыз: тазалаган, жууган, укол сайган биз. Алар диагноз коёт, калган аткарылчу жумуштун баары биздин мойнубузда. Бизге аз көңүл бурулат” деген нааразычылык күч. 

-- Бул көйгөйлөрдүн чечелүүчү кандай жолдору бар?

-- Менин оюмча, чукул реформалар керек. Азыркы учурда эки дарыгерди кыскартып, бирөөсүн калтырып коюшса деле “реформа жасадык” деп жатышат. Мисалы, стоматология, гинекологияга окшогон “акысыз” деп каралган көп адистиктер акылуу болуп, айрымдардын жеке чөнтөгүнө кетип жатат. Чет өлкөдөгүдөй акылуу катары каралышы шарт. 

Мамлекет бар нерсени өркүндөтүп, өстүрүп бере турган орган. Ошондо көтөрүлгөн мекемелер жакшы салык төлөсө эле жетиштүү болот.

Мисалы, Новиков “бюджетте акча жок, маяна көтөрө албайбыз” дейт. Көтөрө албаса, өнүктүрө турган жолдорду табуу зарыл. Саламаттык сактоо министрлигинде системаны жакшыртуу боюнча атайын бөлүм иштеп жатат. Андан тышкары, өкмөттө социалдык тармакты көзөмөлдөп беш киши отурат. Эксперттер бар. Алардын түздөн-түз максаты – ушул тармакты өркүндөтүү. Максаттуу иш алып барса, баары жеңил эле болот. 

Беш жыл эмес ошол жерде 20 жыл иштеген кадрлар бар. Отура берип, мындайча айтканда, шымдары “карарып” кетти. Отура бербей, өздөрү түшүнбөсө түшүнгөн адамдарга берсин. Мен алардын отурганына каршы эмесмин, иш болбой жатканына каршымын. 

-- Ковид курчуган учурда каралган компенсация кандай чечилүүдө?

-- Компенсация маселеси төлөнбөй келе жаткан. Биз менен А.Новиков жолуккандан кийин кечирим сурап, “бул биздин көңүл бурбагандыгыбыз” деп маселени чечип берүүгө убада берди. Бул маселе чечилбесе, дагы кайрылабыз. 

Медицина тармагына керектүү дагы бир маселе – кол тийбестик маселеси. “Саламаттык сактоо жаатында иштегендердин статусу” деген мыйзам бар. Ал жерде бирок укуктары тууралуу эч нерсе жок. Алардын кол тийбестиги тууралуу укуктары болушу шарт. 

Кылмыш-жаза кодексиндеги 151-беренеден 161-беренеге чейин медицина кызматкерлеринин жоопкерчилиги каралган. Ал жерде да мыйзам өзүнө-өзү каршы турат. Мыйзам үстүнөн жаңылап иштеп чыгуу шарт. Жумуш учурунда кагып, чаап кеткендерге күбө болуп жүрөбүз. Буларга да өзүнчө милициялардын укугу сыяктуу эле медиктердин укугу болсо (!) деген ниетибиз бар.

Дагы бир маселе, медиктердин укугун коргогон профсоюздук комитет айына 3 млн. сомдой акча алат. Ошол акча кайда кетип жатканы белгисиз. Эч кимге кошумча акы төлөнбөйт, же бир эс алууга бекер чыгышпайт. Ушундай терс көрүнүштөр саламаттык сактоо кызматкерлеринин нааразылыгын жаратып келүүдө. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер