Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Талгат Айткулуев: “Гареев атындагы ботаникалык бак кыйроо абалында калды”

Талгат Айткулуев: “Гареев атындагы ботаникалык бак кыйроо абалында калды”

08-февраль, 19:04
1 525 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Гезитибиздин өткөн сандарында “Бишкекте бак-дарактар оорукчан, мэрия кайдыгер” аттуу макала жарык көргөн. Редакцияга чалуулар көп болууда. Анын ичинде Э.Гареев атындагы ботаникалык бактын абалына кайдыгер болбогондор өтө көп экен. Ошондон улам биз ошол ботаникалык бакка барып көрдүк. Аралап жүрүп, анда көп жылдардан бери лаборант болуп иштеген  Талгат Айткулуев агабызга жолуктук. Алдын ала айта кетели, журналисттик иликтөөбүздүн алгачкы кадамы деп билгиле. Биз улантабыз.

-- Талгат ага, мен билгенден сиз бул жерде көптөн бери эмгектенип келесиз. Ботаникалык бактын абалы эмнеге начарлап кетти?

-- Кыргызстанда биология илимин өнүктүрүүдө Бишкек шаарынын экологиясына чоң таасири, эл чарбасын өнүктүрүүдө зор салымы бар, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштеринде илимий практикалык мааниси терең ботаника багы азыркы учурда кыйроо, талкаланып жок болуп кетүү абалында турат. Бул кашкайган чындык. Ботаникалык бакта мөмө-жемиш бактарынын дүйнөлүк баасын алган сорттору, дарак жана бадал өсүмдүктөрүнүн түрлөрү чыгарылган жана Орто Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүдө көп эмгектер жүзөгө ашырылган. Ал максатта азыр да иш токтогон жок. 

-- Кайсы бир деңгээлде иш жүрүп жаткан сыңары...

-- Бирок, тилекке каршы, техника жабдыктарынын жетишсиздигинен бир катар иш-чаралар өз мүдөөсүнө жетпей келет. Жаңы сортторду, гибрид, интродукциялык өсүмдүктөрдү чыгаруу көп жылдаган эмгекти талап кылары айныксыз иш. Табигаттын ар кандай шарттарында кургакчылыкка туруктуу, жашылдандыруу, токой өстүрүүнүн эффективдүү жолдорун иштеп чыгаруу да ботаникалык бактын негизги милдеттери. Азыркы убакта ботаникалык бактын материалдык-техникалык базасынын начардыгынан, жер ресурстарын пайдалануудагы сугат системасынын эскилигинен, бадал өсүмдүктөрүнүн басып кетишинен ондогон гектар жерлер куурап, пайдасыз жатат. Финансылык таңкыстык, айлык акынын аздыгы, кадрдык жетишпестик, имараттар, кампалар ж.б. объектилердин эскилиги жетип талкалануусунан улам, бийлик башындагылардан, тийешелүү өкмөт мүчөлөрүнөн жардам сурайбыз. Өкмөт тезинен иштиктүү чараларды көрүүсү кажет. 

-- “Иштиктүү чара” дедиңиз, бул эми түп-тамырынан бери ботаникалык бакка көңүл буруу дегендей кеппи?

-- Ооба, түп-тамырынан бери. Кадимкидей өкмөттүк   комиссия түзүлүп, анын курамына улуттук илимдер акадаемиясы, экология жана токой чарба агенттиги, айыл чарба министрлиги, Бишкек мэриясы жана ботаникалык бактын кызматкерлеринен турган комиссия баардык жагынан тыкыр изилдеп, иликтеп, жыйынтык чыгарып, мындан ары ботаникалык бакты өнүктүрүүнүн пландарын иштеп чыгуусу зарыл экенин айтып атам. 

-- Анткен менен директоруңар бат-бат алмаша берет...

-- Бизде ботаникалык бактын жетекчилигин гана алмаштыруу менен чектелишет. Өз алдынча чарба жүргүзүүгө укугу жок директордун деле көп нерсеге колу жетпейт экен, андайдын далайын көрдүк. Деги эле директордун улам-улам алмаша бергенине каршы элем. Убагында Сапар Исаков деген шылуун премьер-министр жеке кызыкчылыгын көздөө менен ботаникалык бакты өкмөттүн карамагына ала коюп, кезинде жакшынакай иштеп аткан Медет Акматовду алып ыргытып, мурдатан пландалган мыкты иш-чаралар калып кетти. Ушуга азыркыга чейин ичим ачыша берет.  

-- “Бакпаса мал өлөт, карабаса катын кетет” эмеспи...

-- 150 гектар жерди ээлеп турган жерде бир да трактор жок. Техниканы жаңылоо бу жакта эле калды. Союз учурундагы техникалар эскилиги эбак жетип, талкаланып бүткөн. Өз алдыбызча чарба жүргүзүүнү ниет кылып, ички жана тышкы инвестиция тартуу, ички резервдерди ишке киргизүү, өнөктөш мекеме, фирмаларды табуу, чакыруу, алар менен бирге иш алып баруу, мамиле түзүү, ошолордун финансы жана техникалык каражаттарын пайдалануу менен ботаникалык бактын абалын оңдосок болот эле. Бизде жаңы жумуш орундарын түзүү же жаңы экономикалык багытта демилгелерди көтөрүү жат нерсе. Сенин макалдуу сурооңо ушундай жооп. 

-- Эмнеге жат?

-- Анткени, биздин ишкана мен билгенден баардык нормативдердин, ченемдик-укуктук актылардын алкагында иш алып барат. Жөнөкөй эле мисал: алыбызга жараша күрөк, араа, балта сатып алыш үчүн тендерге катышышыбыз керек. Аны да жылдын аягында тапшырык (заявка) беребиз. Ал тегеренип жүрүп отуруп, барбаган жердин баарын кыдырып, кечпеген сууну кечип, ашпаган белести ашып отуруп, бир жыл дегенде колубузга эки күрөк, бир араа, бир балта тийет. Анан ушу кантип болсун?! Албетте, эки күрөк, бир арааны анча күтпөй, өзүбүздүн акчага далай жолу апкелип колдонгон учурлар болду... 

-- Учур демекчи, сиз да учурдан пайдаланып, жаңы шайланган президентке эки ооз сөз кайрылуу кылыңыз, абал чатак окшойт?

-- Садыр Нургожоевич, биздин Э.Гареев атындагы ботаникалык бакка көз кырыңызды салып коюңуз. Тийешелүү жерге иштиктүү тапшырма бериңиз! 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер