Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Таиланд ханы карантинге 20 кызды ала кеткен. Биздин чиновниктерчи?
Таиланд ханы карантинге 20 кызды ала кеткен. Биздин чиновниктерчи?
31-март, 18:03

Таиланд эли коронавирус менен күрөшүп жаткан маалда ханы Маха Вачиралонгкорн элин колдоп, кайрылуу жасабаганына нааразы болушууда. Хан коронавирус эпидемиясынын бүтүшүн чет элде күтүүнү туура көргөн.
Хан февраль айында эле өзүнүн жакындары жана кол алдында иштегендери менен Германияда жайгашкан резиденциясына кеткен. Бирок буга карабастан ага жакын болгон 119 адам коронавирус жуктуруп алышы мүмкүн (!) деген шек менен карантинге алынган. Мындан улам ханга орун которууга туура келген. Маалыматка ылайык, хан карантинде зерикпейт. Анткени ал өзү менен гаремдеги 20 кызын да ала келген. Алардын арасында хандын жубайы Сутхида бар же жогу азырынча белгисиз экенин "Супер kg" жазды.
Дымы чыкпаган биздин чиновниктер, бай-манаптар кайда жүрүшөт ыя?.. Түнкү жашыруун батирлердин көркүн чыгарып жатышабы?..