Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Дастан Ситинин” курулушу түнкүсүн тынчтык бербей, ашата сөгүнгөндөр арбыды

“Дастан Ситинин” курулушу түнкүсүн тынчтык бербей, ашата сөгүнгөндөр арбыды

01-июль, 08:37
726 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

12-кичирайондун астында, Нуркамал Жетикашкаева көчөсүндө “Дастан Сити” турак жай курулушу жүрүп атат. Акылга сыйбаган бир көрүнүштү баса белгилеп коёлу. Бул жерде түнкүсүн оор техникаларын оңдойбу, же атайын эле элдин кыжырына тийишеби, айтор, белгисиз! Күрүлдөтүп-шарылдатып, улуткан жагымсыз бийик доошу тынчыбай, ал жердеги көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларын беймаза кылууда. “Дастан Ситини” бийлик салып атыптыр, бирок элге тынчтык бериш керек да. Жайдын күнү көп кабаттуу үйлөрдө баары терезелерин ачып жатышат, мындайда уктай албайсың. Ашата сөгүнгөндөр арбыды. Деги буларда акыл-эстүү жетекчи барбы? Тынчытыш керек да. Күндүз иштешсин, түнкүсүн ал жердеги каз катар тизилген үйлөрдөгү жашоочулар укташат, эс алышат. Күчкө салып эле нервге ойной беришсе, жаман экен да...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер