Мавлян Аскарбеков, оппозиционер: “Мындай көрүнүш Африкада, анан Кыргызстанда эле кездешет”
-- Жергиликтүү кеңештин шайлоосунан кийин жер-жерлердеги милиция кызматкерлери “эл чогулган жок” деген видео билдирүүлөрдү жасашты. Мунун баары “кырдаал өзгөрөт, эл нааразычылык акцияларына чыгат” деген имиштерден улам болдубу?
-- Мунун баары интернет түйүндөрүндө эл көтөрүлүшкө чыгып жаткан эски видеолор тарай баштаганынан улам жаралды окшойт. Милиция элди дүрбөлөңгө түшүрбөө максатында видео билдирүүлөрдү жасап, жер-жерлерден абал тынч экенин билдиришти. Чынында эл арасында нааразычылык көп. Ал бир эле шайлоого байланыштуу эмес, башка маселелерге дагы негиздүү. Ошон үчүн “эл толкуп кетпесин” деген максатта абалды алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Мен деструктивдүү жолдор менен митинг уюштуруп, “бийлик кетсин” же “бул кетсин” дегенге каршымын. Кандай кырдаал түзүлбөсүн, сөзсүз конструктивдүү аракет болушу керек деген ойдомун.
-- Шайлоо кандай өттү?
-- Мыйзам одоно бузулган, акылга сыйбаган иштер орун алган да учурлар кездешти. Ошон үчүн “шайлоо таза өттү” деп айталбайм. Себеби, бир ай мурун катталган партиялар Бишкек шаардык кеңешине өтүп кетишти. Бул нонсенс. Мындай көрүнүш Африкада, анан Кыргызстанда эле. Башка мамлекеттерде жол берилбейт. Башкача айтканда, эч кимге белгисиз адамдар жаңы партия түзө коюшуп, арам акчаларын салышып, шайлоодон утуп келишти. Мына ушул нерсе дагы элдин нааразычылыгын жаратууда.
-- КСДПнын шайлоодон четтегени туура элеби, же мыйзам бузуулар менен коштолдубу?
-- КСДПны шайлоодон четтетип салганы чынында орунсуз болуп калды. Бул нерсе коомчулуктагы нааразычылыктын күчөшүнө, “таза шайлоо өттү” дегенге шек келтирди.
"Азия Ньюс" гезити